Өлкө башчы Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысын кабыл алды
Бүгүн, 17-февралда Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Асанбек Алымкожоевди кабыл алды. Асанбек Алымкожоев өлкө башчыга Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына карата көрүлүп жаткан даярдыктар туурасында маалымат берди. Мамлекет башчы бул мааракени жакшы даярдык көрүү менен, жогорку деңгээлде өткөрүүнүн маанисин баса белгиледи.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Комментарий кошуу