Манас “Алатоо Ататүрк” университетинде жаңырды
Өткөн жумада “Ала Тоо Ататүрк” университетинде “Манас эпосундагы мотивдер” деген темада илимий конференция болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын баатыры Бексултан Жакиев, коомдук ишмер, Манастаануу институтунун директору Топчубек Тургуналиев, Түркиянын коомдук ишмери Мехмет Шахин, Азербайжандан келген илимпоздор, “Гейдар Алиев” фондунун жетекчиси Нусрет Мамедов, университеттин жетекчи курамы, коноктор, студенттер катышты. Конференцияны белгилүү журналист, илимпоз Кубан Мамбеталиев алып барды. Алгач университетте жаш сүрөтчүлөрдүн Манас темасында тарткан сүрөттөрүнүн көргөзмөсү болду.
Конференцияда “Манас” эпосунун 40ка жакын варианттары бар экени, анын 20дай варианты жазылып бүтүп калганы айтылды. Атайын Чолпон-Атадан конференцияга келген жаш манасчы Үмөт Болот уулу төгүлүп Манас айтып берди. Илимпоздор Манас боюнча пикирлерин ортого салып, баалуу ойлору менен бөлүшкөндөн кийин университеттин ректору С.Гокалп жазуучу Бексултан Жакиевге, түркиялык илимпоз Мехмет Шахинге университеттин Ардак грамотасын тапшырды.
Сымбат МАКСУТОВА


Leave a Reply