прод

Бүгүн, 16-январда өтүп кеткен 2014-жылы айыл чарба тармагында өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 187 млрд. 675 млн сомду түздү,-дейт биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. 2014-жылы мал чарбачылыгы мурдагы жылдарга салыштырганда 103, 4 пайызга өсүш болгон. Ал эми өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 84 млрд. 801 сомду түзгөндүгүн билдирди вице-премьер-министр. Анын айтымында, өтүп кеткен жыл кургакчыл болгондуктан түшүм алуу мурунку жылга салыштырмалуу аз болду. Алсак, өсүү деңгээли боюнча 95,4 пайызды гана түзсө же болбосо 99 млрд. 152 млн. сомду түзгөн. Былтыркы жылы жаз жана жай айларында 40 пайыз сугат суу жетишпесе, жыйноо мезгилинде кардын эрте жааганы бир топ зыянын тийгизген. Ошондой кыйынчылыктарга карабастан, өтүп кеткен жылы айыл чарбасында эң негизги болуп эсептелген картошка, пияз, сабиз, кант кызылча, пахта, күрүч, төө буурчак сыяктуу өсүмдүктөрдүн түшүмү көбүрөөк өндүрүлгөндүгүн белгиледи.

Айнура ШАЙКЕЕВА