навигатор

Ысык-Көлдөгү жайыт комитеттеринин ар бирине 75 миӊ 115 сомдук  интернет байланышын камсыз кылган жабдуулар жана жайыт аянтын аныктоочу GPS-новигаторлору менен камсыз болду. Бул тууралуу АРИСтин Жети-Өгүз, Ак-Суу  райондору боюнча эксперт-кеӊешчиси Тилек Иманбеков маалымдаган деп билдирет аймактык кабарчы З.Асаналиев.

Ысык-Көл облусунун аймагында 57 жайыт комитеттери түзүлгөн. Жайыт комитеттеринин ишин жакшыртуу максатында Айыл чарба министрлиги жана АРИС аркылуу Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү долборунун каржылоосунда ар бир жайыт комитеттери  заманбап үлгүсүндөгү компьтерлер, интернетке туташтырылган модемдер, жайыттардын аянттарын аныктоочу  GPS-новигаторлор  атайын такталар орундуктар менен камсыздалды.

Жайыт комитетинин кызматкерлери интернет байланышы аркылуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту,  спутник аркылуу жердин аянтын аныктоочу GPS-новигаторлору менен жайыттарды туура тактап, бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Бул аймактагы 57 жайыт комитеттерине берилген  заманбап шаймандардын  ар бири  75 миӊ 115 сом 60 тыйын турат.