окуу МЧСке- МЧСке- МЧСке1-

 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан, 2014-жылдын 21-23-декабрь күндөрү Ош облусунун райондорундагы пилоттук жаштар борборлорунун жаштары менен “Жаштардын өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жана кырсыкты азайтуу маселелериндеги ролу”- деген темада окуу жүргүзүлүүдө.

Окутуунун негизги максаты жаштардын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын күчөтүү, турмуш-тиричилик коопсуздугу сабагынын максаттары, мектептердеги Жарандык коргонуу күнүнүн өткөрүүнүн мааниси, өзгөчө кырдаалдар учурунда жүрүм-турум эрежелерин сактообоюнча маалымат берүү. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жөнүндө мыйзамынын жана башка ченемдик-укуктук актыларынын талаптары боюнча жарандардын жалпы укуктарын жана милдеттерин жеткирүү.

Бул окуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун түштүк аймактык адистери тарабынан ОБСЕ эл аралык уюмунун колдоосу менен жүргүзүлүп жатат.