Жоомарт Оторбае Кечээ, 27-октябрда президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында өткөн КРны туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйынында өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев, мамлекеттик кызматка адискөйлөрдү ишке тартуу максатында Өкмөт тараптан токтом кабыл алынып, ага ылайык, маморган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилерине иштин жакшы жыйынтыгы үчүн кызматкерлерге айлык акыны жогорулатуу укугу берилгендигин билдирди.

Ички иштер органдар ишин реформалоо маселесине токтолган премьер-министр, соттук жана укук коргоо тутумун өнүктүрүү максатында сот тутумун 2017-жылга дейре өнүктүрүү программасы бекитилгенин, мында аны каржылоо жагы эки эсеге жогорулатылганын белгиледи.

«Учурда соттордун жана сот кызматкерлеринин айлык акысы 50-200% дейре көтөрүлгөн. Акыркы 2 жылда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу максатында 2 млрд ашуун сом бөлүндү», – деди Ж.Оторбаев.

Ага катар премьер-министр, ички иштерди реформалоо өтө жай, же таптакыр эле кыймылдабай жатканын кошумчалады.

«Калк тараптан укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө карата ишенбөөчүлүк сакталууда. Ички иштер министрлигинин жаңы жтекчилиги кыска мөөнөт ичинде укук коргоо түзүмүн реформалоо боюнча кескин чараларды кабыл алуусу зарыл»,- деди өкмөт жетекчиси.