СУЛТАН

Өлкөнүн Коомдук телерадиоберүү корпорациясын Султан Жумагулов жетектөөдө. КТРКнын Байкоочу кеңеши белгилүү журналистти төрт жылга башкы директор кылып шайлаган. Өлкөнүн башкы каналын башкаруу оңой эмес экени эбактан анык. Жаңы жетекчини кепке тартып, канал, корпорациянын бутактанышы, саясый өңүт, узап бараткан жылдын жыйынтыкталышынан кабар алдык.

– Султан агай, буга чейин “Азаттык” радиосун, ЭлТРди жетектегенсиз, азыр өлкөнүн ири маалымат каражатын башкаруудасыз. Кандай айырмачылыктарды байкай алдыңыз?

– “Азаттык” радиосу – саясий маалымат каражаты. Эл аралык стандарттар менен иштейт. Негизинен, адам укуктары, демократия, сөз жана басма сөз эркиндиги сыяктуу адамзаттык дөөлөттөргө басым жасоо менен, албетте, эл турмушунун ар тарабын чагылдырат. Негизинен, радио жана интернетке басым жасалган. Кийинки кезде интернет-ТВ да өнүгүүдө.

ЭлТР менен КТРКнын милдеттери жана миссиясы окшош. Болгону, өлкө аймактарына тароо жагынан, кызматкерлердин саны, техникалык, финансылык ресурстары жагынан айырмачылык чоң.

“Азаттыкта” иштегендер, албетте, ЭлТР менен КТРКга салыштырмалуу жакшы айлык алышат. Ошол эле кезде бул компанияда бир эле журналист бир канча жумушту өзү аткарат: текст жазат, интервью алат, монтаждайт, эфирге чыгарат жана жазган текстин кайра интернет-сайтка ылайыктап жазып берет. Кыскасы, ички структурасы, ич ара карым-катнаштар, жүрүм-турум эрежелери накта Батыш компанияларындай түзүлгөн.

КТРКнын өз тарыхы, ички эрежелери жана айтылып жүргөндөй, өз аурасы бар. Өлкөнүн дээрлик бардык аймактарына жеткен канал катары тынымсыз маалымат таратуудан сырткары, мамлекеттин саясатын жайылтуу, мамлекеттүүлүктү калыптандыруу, маалымат коопсуздугун чыңдоо сыяктуу бийик милдеттерди аркалайт. Келаткан жылы өлкөбүз санариптик берүүгө өтөт. Ошондо КТРКнын 1-каналы, Маданият жана Баластан болуп үч каналы өз алдынча чыга баштайт. Азыр кабелдик ТВ аркылуу Музыка каналы да чыгып жатат. Бара-бара спорт каналын чыгарууга белсенүүдөбүз. Ошентип, өлкөнүн негизги каналынын базасында калкыбызга ар түркүн жаңы программаларды жана долбоорлорду тартуулайбыз.

КТРК тууралуу чындыкка жакын да, чындыкка такыр коошпогон ар кандай айың кептер, ушак сөздөр айтылып келет. Билип-билбей туруп сөз тараткандар көп. Эгер биз башкаруунун жана уюштуруунун алдыңкы усулдарын, эрежелерин калыпка салып алсак, Коомдук биринчи каналдын иши кыйла алдыга озот. Мындай болооруна көзүм жетет. “Мен – улуттун башкы, жол баштоочу теле-радиокорпорациясынын кызматкеримин” деген бир жагынан сыймыктануу, бир жагынан жоопкердик сезим келгенде КТРК сөзсүз жаңы деңгээлге көтөрүлөт.

– Жакында өлкө башчысы менен маңдай-тескей маек курдуңуз. Мындай көрүнүш сизге чейин да болуп келген, бул милдеттүү шартпы?

– Мамлекет башчысынын өлкөнүн башкы каналына маек курганы – кадыресе көрүнүш. Өлкөбүздүн дээрлик ар бир конушуна жеткен эфир аркылуу президент учурдагы абал, эртең кайда кадам таштайбыз деп шайлоочуларына отчет берип, эл-журтуна жол көрсөтүп турат. Ошондуктан, бул адаттан тыш нерсе эмес, тетирисинче көпчүлүккө керек иш.

– КТРКнын Ош студиясынын ачылышы жакшы кабыл алынды. Бул сиздин демилгеби?

– Биринчиден, маалымат коопсуздугун бекемдөө керек деген тапшырманы Президент Алмазбек Атамбаев мен ЭлТРге баратканда эле койгон. Демек, демилге башаты мамлекет башчысына таандык. Экинчиден, 2011-жылы 21-апрелде Жогорку Кеңеш КТРКнын Ош жана Жалал-Абадда филиалын ачуу жөнүндө токтом кабыл алган. Бул мамлекеттик иш болуп саналат. Ал эми аны тездетүү жагын мойнума көтөргөнүм чын. Айтмакчы, Бишкек-Ош телекөпүрөсүн бир жыл мурда ЭлТРден баштаганбыз.

Чынында өлкө түштүгүндө татаал процесстер жүрүп жатат. Чек ара, жер-суу талаштары дайыма боло келген жана жакын арада биротоло чекит коюлат деп так кесе айтууга да болбойт. Ошондуктан, КТРК түштүк регионго көңүлүн дагы күчөтөт, Баткенде, Жалал-Абадда студия ачуу аракеттери жүрүп жатат.

– Коомдук биринчи каналды реформалоо боюнча пландарыңыз канчалык ишке ашчудай?

– Реформа – Жумагуловдун каалоосу эмес, турмуш талабы. Азыр дүйнө, аны менен кошо Кыргызстан да тездик менен өзгөрүүдө. Демек, коомдун күзгүсү катары телеканал коомдун алдыңкы сабында болууга тийиш. Мага ушунчалык дөөлөт менен мээнет тагылган соң бүт тажрыйбамды, күч-кубатымды башкы каналды жаңыртууга жумшайм. Бул ишти КТРК жамааты менен биргеликте, тилектештикте жасайбыз.

– Сиз Бакиевдин тушунда Ак үйдө иштеп, саясатын жүргүзүп калган жайыңыз бар. Президент Атамбаевдин тушунда мамлекеттик телеканалды жетектеп жатканыңыз көпчүлүктө суроо жаратууда. Өзүңүздү кандай сезип жатасыз?

– Азыркы бийликте отургандардын басымдуу көпчүлүгү Акаевдин да, Бакиевдин да тушунда иштеген. Мен Секретариатта бир жыл бир ай иштедим. Бакиевдин доклад, сөздөрүн, куттуктоолорун жаздым, аналитикалык кызмат башчысы болуп иштедим. Аналитикалык кызмат электрге, жылуулукка тарифтердин кескин көтөрүлүшү, мобилдик кызматка 60 тыйындын кошулушу социалдык козголоңго алып келээри тууралуу Секретариат жетекчисине, ал аркылуу президентке бир канча жолу доклад киргизгенбиз.

Ак үйдө аз да болсо иштегениме эч качан өкүнбөйм. Сырттан келген адистерден аналитика эмне экенин, өз өлкөңө кантип башкача көз менен караш керектигин үйрөнүп алдым. Мамлекеттик чечимдер кандай түйшүктөр, азап менен кабыл алынаарын көрдүм. Ак үйдө жалаң эле өз жанын ойлогондор, жулсам дегендер отурат деген жаңылыш көз караш. Ошол кезде тың балдар-кыздардын көбү Бакиевге эмес, мамлекетке кызмат кылганы барганбыз. Мамлекетти оңдоого пайдабыз тиер бекен деген ойду карманганбыз. Мына алардын басымдуу көпчүлүгү азыр да орчундуу мамлекеттик жана өкмөттүк кызматтарды аркалап жүрүшөт. Ал эми акыркы чечимдерди Бакиевдер кабыл алышкан. Тилекке каршы, элибиздин чакандыгына жараша кесипкөй кадрлар катары да суюк тура.

– Өтүп бараткан жыл сиз үчүн эмнеси менен эсте калды?

– Көчмөн оюндарындагы атмосфераны эч качан унутпайм. “Кыргыздар кыйраткыч эл” деген жарлыкты жокко чыгаргандай болдук. Элибиз намыскөй, жаратман, сабырдуу экени көрүндү. Курулуш чукулунан бүтсө да, уюштуруу жагынан алешемдиктер кетсе да, техника кез-кез үзгүлтүккө учураса да, ачылыш күнү баары сыдыргыга салгандай өттү. Ат майданга батпай калган үч миңден ашуун адам күн батыштагы дөңсөөгө өтүп барып, тынч отуруп берди. Техника үзгүлтүккө учураган жок. Жаштар тобу Кыргызстандын Туусун желбиретип алып, Гимнин жаңырта ырдап турушту. Биздин спорттук делегация чыкканда жабыла ордубуздан туруп сүрөдүк, кээсинин көз жашы кылгырып турду… Ал эми Кырчында жети дубандын, Бишкектин жана Ош шаарынын боз үйлөрү жамырай тигилип, бири-бириникине конокко кирип жатышты. Алыскы Баткенден боз үйлөрдү ташуу кыйын болгондуктан, ысык-көлдүктөр өзүнүкүн тигип беришти. АКШдан, Австриядан жана башка өлкөлөрдөн бизге ыктыярчы болуп келгендер өз өлкөсүнүн атынан тогуз-коргоолго катышты. Сырттан толтура репортерлор келип тартышты. Өрт чалган чабандесибиздин фотосүрөтү бүт дүйнө боюнча “Күндүн фотосу” деп табылды…

Менимче, 2014-жыл Кыргызстан, кыргыз эли үчүн кайра жаралууга бурулуш мезгили болду окшойт. Эми келген ооматты колдон чыгарбайлы. Элибиз аман, журтубуз бүтүн болсун.

Динар ТУРДУГУЛОВА