Айрым кичи шаарлардагы жылытуу тутуму кесилген кабаттуу үйлөр электр кубатына белгиленип жаткан жаңы тарифтер менен төлөөсү кыйындайт
Бул тууралуу депутат Алла Измалкова бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер саатында” маселе көтөрүп чыкты.
Депутат айрым кичи шаарлардагы жылытуу тутуму кесилген кабаттуу үйлөр электр кубатын колдонгондо 700 кваттан ашык электр кубатын пайдаланылаарын айтып, мындай шартта белгиленип жаткан жаңы тарифтер менен төлөөсү кыйындаарын айтты.
Мындай жылытуу тутуму кесилип калган үйлөр көп экенин айткан А.Измалкова аларды дотациялоо маселесин кароону Өкмөткө сунуш кылды,-деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызмат.


Leave a Reply