Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаменти Щербаков көчөсүнүн №239 дарегинде тиешелүү документтер жок, мыйзамсыз 16х3м өлчөмдөгү дубал курулгандыгын аныктады.

Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, аталган даректин ээсине Жеке турак жай куруу департаменти тарабынан ушул жылдын июль айында мыйзамсыз курулушту бузуу тууралуу эскертүү берилген.

Биринчи май райондук сотунун ушул жылдын август айындагы токтому менен курулуш ээси Сарчалова Бурулга 10 миң сом өлчөмүндө айып салынып, короону өз ыктыяры менен бузуу милдеттендирилген.

Учурда тосулган дубал алынып салынды жана жер тилкеси баштапкы абалына келтирилди.

2