National Geographic Traveler журналы Кыргызстанга «Ден-соолукту жакшыртуучу эс алуу» наамын ыйгарды (фото)
Кыргызстан National Geographic Traveler журналынын «Ден-соолукту жакшыртуучу эс алуу» наамы боюнча жеңүүчү аталды.
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынын маалымдашынча, кечээ, 20-ноябрда журналдын ар жыл сайын өтүүчү наам тапшыруу салтанаты болуп өттү.
Элчиликтин маалыматына караганда, «Ден-соолукту жакшыртуучу эс алуу» наамында Кыргызстан, Израилди жана Вьетнамды артка калтырып жеңүүчү аталды. КР үчүн добуш берүүчүлөрдүн 80% колдоо көрсөткөн.
Өз кезегинде Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Жунусалиев, Кыргызстан үчүн добуш бергендердин баардыгына ыраазычылык билдирди.
«Журналга, окурмандарга, баардык добуш бергендерге рахмат. Биздин мамлекет чындыгында абдан кооз жана көп жакшы адамдар бар. Кыргызстанга мындай бааны россиялыктар — туризимде көптү көргөн адамдардын бергендиги маанилүү. Совет мезгилинде космонавтар, космостон кайтып келишкенден кийин кыргыздын Ысык-Көлүндө калыбына келип эс алышчу. Кыргызстан тууралуу көп нерсе айтууга болот. Бирок өзүңүздөр келип көрүңүздөр. Кош келиңиздер»,- деди ал.
Катышуучуларга россиялык журналист жана саякатчы Марк Подрабинектин билдиришинче, журнал бул сынакты 4 жылдан бери өткөрүп келет. Добуш берүүлөр эки этапта ишке ашырылды. Биринчи 16 наамдын ар бирине талапкерлердин тизмесин түзө алган туризм чөйрөсүнүн профессионалдарынан сурамжылоо жүргүзүлдү. Алардын маалыматтары басылманын сайтына жарыяланган жана андан кийин окурмандар ким мыкты деп санашса ошого добуш бере алышты.
Россиядагы журналдын чыгаруучусу Ирина Ковалевичтин айтымында, сайттагы добуш берүүгө 230 миңден ашуун адам катышты. «Алар сунушталган 80 мамлекеттин, 20 россиялык туристик багыттардын, 18 авиаишкананын, 18 мейманкананын, 75 тревел-ресурстардын, 17 круиздик ишкананын арасынан мыкты деп эсептегендерине добуштарын беришти»,- деди ал.
Сынактын башка наамдарынын арасында жеңүүчүлөр болуп аталгандар:
«Кум жээктеги эс алуу» – Греция
«Экскурсиялык эс алуу» – Италия
«Кышкы эс алуу» – Австрия
«Экологиялык эс алуу» – Жаңы Зеландия
«Укмуш окуялуу эс алуу» – Непал
«Россиялык туризм» – Тоолуу Алтай
«Экзотикалк эс алуу» – Гренландия
«Дүйнөнүн эң мыкты аэропорту» – Дубайдын эл аралык аэропорту.




Булак : Баракелде

Leave a Reply