Кыргызстан транзиттик өлкөгө айланат
Кыргызстанда жалпысынан 34 миң километрден ашык жолдор бар. Бул багытта жасала турган жумуштар өтө көп. Бирок, аткарылып жаткан иштерге көңүл бөлсөк, бир топ оптимисттик маанай жаратат. Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн туташтырган негизги магистраль Бишкек-Ош жолу болуп саналат. Анын экономикалык стратегиялык мааниси зор. Анткени менен бул жолдо автоунаалар көп жүргөндүктөн, айрым жерлери бузула баштады. Негизи, жолдорду оңдоп, жаңылап туруу – системалуу, такай жүргүзүлүүчү иш. Келе жаткан 2015-жылы жаз алды менен Бишкек-Кара-Балта жолун оңдоо башталат. Ошондой эле бул жолдун Маданият айылынан баштап, Жалал-Абад шаарына чейинки бөлүгү да оңдоло баштайт. Белгилүү болгондой, Ош-Эркеч-Тамга чейинки автожолу да бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Буга чейин Сары-Таштан Кара-Мык айылына чейинки жол да оңдолгон.
Мындан сырткары, Ош-Баткен жолу да толук бүткөрүлүүнүн алдында турат. Баткен шаарчасынан алыскы Лейлекке чейинки жолдор да оңдолууда. Азыркы учурда Баткен облусундагы коңшу өлкөлөрдүн анклавдарын айланып өтүүчү жолдор салынууда. Учурда Суусамыр-Талас-Маймакка чейинки жолдор бүткөрүлүү алдында турат. Учурда Бишкек-Торугарт жолун оңдоо кызуу жүрүүдө.
Түндүк менен түштүктү туташтыруучу Бишкек-Ош жолуна атаандаш Балыкчы-Жалал-Абад жолун куруу иштери 2014-жылы башталды. Бул маанилүү жолдун узундугу 442 километрди түзөт. Анын артыкчылыгы – бийик ашуулардын жоктугунда. Жалал-Абад облусу менен Тогуз-Торо районун туташтыруучу ашууга узундугу 3 км 700 метр болгон эки туннель курулат. Анын бирөөсү ар түрдүү жагдайларга карата запас туннель катары кызмат өтөмөкчү. Адистердин айтымына караганда, бул жол түндүк-түштүк автожолуна кетүүчү убакытты бир саатка кыскартат. Балыкчы-Жалал-Абад жолу 2017-жылы ишке берилери күтүлүүдө. Жогоруда аталган жолдордун бардыгы бүткөрүлсө, Кыргызстан туюктагы өлкө эмес, сырткы дүйнөгө эшиги кенен ачылган транзиттик өлкөгө айланат. Азыркы учурда Балыкчы-Жалал-Абад жолу менен Бишкек-Ош жолун туташтыруучу ички жолдорду оңдоо үчүн да инвесторлорду издөө жүргүзүлүп жатат. Маселен, бул жолдордун бири Суусамыр айылынан чыгып Балыкчы-Жалал-Абад жолуна кошулган бөлүк. Бул шагыл жолду оңдоого 25 млн. доллар акча сарпталат. Азыркы учурда аны оңдоого карата түзүлгөн долбоор даяр турат. Инвесторлор изделүүдө.
Кыргызстанда автожолдорду оңдоо, жаңы салуу боюнча гана иштер жүргүзүлбөстөн, темир жолдорду куруу боюнча да долбоорлор түзүлүүдө. Маселен, КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен Казакстан, Россия, Тажикстан өлкөлөрүнүн президенттери өз Өкмөт башчыларына Балыкчы-Жалал-Абад-Ош-Сары-Таш-Кара-Мык-Душанбе темир жолун куруу долбоорун иштеп чыгууга тапшырма беришкен. Эгерде ушул эл аралык долбоорго инвесторлор табылып калса, анда жакынкы келечекте бул темир жолду куруу иштери да башталмакчы. Маселен, темир жолдо жүрүүчү бир вагондун жүк көтөрүү сыйымдуулугу 64 тонна экендигин эске алсак, анда түндүк менен түштүккө эбегейсиз зор жүктөр ташылаары көрүнүп турат. Айыл чарба продукцияларын жана түрдүү товарларды ташуунун өздүк наркы бир топ арзандамак. Мында поезд менен жүргүнчүлөр да жүрөөрүн эске алышыбыз керек. Кыскасы, Кыргызстанга түндүк-түштүк темир жолун куруунун убактысы келип жетти. Мына ушундай ири долбоорлор ишке ашып калса, Кыргызстандын жалпы элине зор пайдасы тиер эле. Жолдор бул мамлекеттин экономикасын көтөрүүчү “күрөө тамырлары” деп айтсак болот. Ошол күрөө тамырлар толук иштей баштаса, өлкө экономикасынын тез көтөрүлүшүнө чоң шарттар түзүлмөкчү.
Азизбек Чамашев


Leave a Reply