Букмекердик кеңселер менен тотализаторлорго тыюу салуу боюнчамыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жолдонду
Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду жана киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын бириктирилген долбоору (“Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө” Мыйзамга, Салык кодексине, Кылмыш-жаза кодексине, Граждандык кодеске, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарга)3-окууда каралды.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Майрамбек Расулов, Мирлан Бакиров жана КР Өкмөтү.
3-окуудагы мыйзам долбоорун Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Замирбек Бекбоев алып чыкты.
Букмекерлер менен тотализаторлор кумар оюндарына берилип кеткен адамдардын, баарынан мурда инсандык сапаттары калыптана элек жаштардын адеп-ахлактык жана психологиялык абалына терс таасир көрсөтүү үчүн бардык шарттарды түзүүнүн негизи болуп кызмат кылууда. Жаштар, анын ичинде өспүрүмдөр оюн-зоок салондору менен автоматтарынын кызматтарынан пайдаланган адамдардын негизги массасын түзөт.
Долбоордун маалымат-негиздемесинде “түйүн ичиндеги казино”, “казинонун кассасы” деген түшүнүктөр жок болгондуктан жана “оюн автоматына” так аныктама берилбегендиктен, укук коргоо органдарынын мыйзамсыз кумар оюн иш-аракеттерин бетин ачуу жана бөгөт коюу татаалдаштырылгандыгы айтылган. Мындан улам “кумар оюн иши”, “кумар оюн жайлары”, “кумар оюну”, “оюн автоматы” деген түшүнүктөр мыйзам долбоору аркылуу киргизилип, ошондой эле “аппараттык-программалык комплекс”, “электрондук (виртуалдык) казино”, “компьютердик симуляторлор”, “түйүн ичиндеги казино” жана “казино же оюн автоматтар залынын кассасы” деген негизги жаңы түшүнүктөр менен толуктоо зарылчылыгы келип чыккан.
Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди деп билдирди Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы


Leave a Reply