жылуулук

«Северэлектро» ААК басма сөз кызматы 14- ноябрда Бишкек шаарында жана Чүй областындагы электр тармактарынын профилактикалык иштери боюнча барчалардын тизмегин берди.

– 14 – ноябрда саат 9-00 дөн 17-00 гө чейин Бишкек шаарынын Ленская, Фучика көчөлөрүндө өзүн өзү көтөрүп туруучу обочорлуу зымдарды (СИП) монтаждоо жана № 521 трансформаторлорун оңдоо иштерине байланыштуу электр энергия үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

– 14 – ноябрда саат 9-00 дөн 17-00 гө чейин Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик, Беш-Күнгөй, Мраморное, Лесхоз, Озерное, Рассвет, Виноградное, Полевое, Октябрьское (Шопоков, Киевская, Молодая Гвардия, Веселая, Фрунзе, Шоссейная көч.

1-бөлүмү), Нижняя Ала-Арча (Киргизская, Зеленая, Логвиненко, Тупик Логвиненко, Новая, Коллекторная көч.), Ленинское (Бакай базары тарап, Набережная, Алма-Атинская, Виноградная, Восточная көч.), Луговое, Константиновка, ошондой эле Келечек, Мурас-Ордо конуштарында;

Москва районуна карштуу Садовое (батыш бөлүмү), Петровка (Озерная көч.), Предтеченка, Кызыл-Туу, Ан-Арык айылдарында;

Жайыл районуна караштуу Ново-Николаевка (Строительная көч.) айылында;

Ысык-Ата районуна караштуу Ново-Покровка (Ленин 510-534, Турсун-Бяр 9-40, Мичурин 200-260, Чапаев 3-68, Атай 2-16, Пушкин 2- 78, Манас 9-90 көч.) № 933 трансформаторун жана “25-лет Киргизии”, “Беш-Кунгой”, “Нижняя Ала-Арча”, “Ленинское”, “Карла Маркса”, “Карагачевая”, “Константиновка”, “Лебединовка”, “Беловодское-2”, “Петровка” көмөкчордондорунан тараган 10/6 кВ аба электр чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал.

Ошондой эле 14-ноябрда Бишкек шаарында АИИСКУЭ эсептегичтери орнотулуучу барчалардын тизмеги…

14- ноябрда саат 9-00 дөн 17-00 гө чейин Бишкек шаарынын Ремесленная, Чапаев, Январская, Абдыкадыров, Кайназарова, Орская, Волкова, Садыгалиев, Дэн Сяопин, Владимирская, Кустанайская, Очаковская, Троицкая, Ильменская, Власов, Патрис Лумумба, Рязанская, Киевская, Ахматбек Суюмбаев, Осмонкул, Дж. Шукуров, Жантошов көчөлөрүнө, ошондой эле Нижний, Гатчинский, Партизанский, Таджикский тар көчөлөрүнө “акылдуу” эсептегичтердин орнотулушуна байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.