Жумагүл-Эгембердиева

Бүгүн, 5-мартта Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева ПРООНдун Ош жана Жалал-Абад областтары боюнча комплекстүү өнүктүрүү программасынын менеджери Мира Субанкулованы кабыл алды деп маалымдайт өкүлдүн басма сөз катчысы.

Жолугушуунун жүрүшүндө  ПРООНдун Ош жана Жалал-Абад областтарындагы жетекчиси Мира Субанкулова  азыркы учурда  эки областтагы 15 айыл аймактарынада 1,5 млн. долларды түзгөн максаттуу долбоорлор ишке ашырылып жаткандыгын белгиледи. Мунун ичинен Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Кош-Дөбө, Ала-Бука районундагы  Ак-Там жана Балтагулов айыл аймактарында жана Сузак районундагы Ырыс айыл аймагында тынчтыкты орнотуу, «бирдиктүү терезе» жана жана жаштарга соода-сатык жүргүзүү иштерине көмөк көрсөтүүчү долбоорлор иштеп жаткандыгына токтолду.

Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева быйылкы жылы областтын турмушундагы олуттуу окуялардын бири, бул  биринчи  Эл аралык бизнес-форумду өткөрүүгө даярдыктар жүргүзүлүп жаткандыгына токтолду. Учурда чет элдик инвесторлор менен башка өлкөлөрдө иштеп жатышкан мекендещтерибизге кайсыл багыттарда иш алып барууга боло тургандыгын көрсөтүүчү конкреттүү бизнес-долбоорлор иштелип жаткандыгын ортого салды. Аны өткөрүүгө колдоо жана көмөк көрөсөтүшө тургандыгын билдирген ОБСЕ, ПРООН жана бир катар эл аралык уюмдарга өкүл терең ыраазычылыгын билдирип кетти.

Өкүлдүн ПРООНдун Ош жана Жалал-Абад областтары боюнча менеджери менен болгон жолугушуусуна өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Такабаев жана ПРООНдун областтагы жооптуу өкүлү Эмил Абдыкадыров катышты. Жолугушуунун соңунда эки тарап  бирдей кызматташууну мындан ары дагы кеңири өнүктүрүүгө даяр экендиктерин белгилешти.

Жолдошбай ОСМОНОВ, Жалал-Абад облусу