ОторбаевПремьер-министр Жоомарт Оторбаев 22-октябрда Кыргызстандын чет өлкөдөгү ардактуу консулдары менен жолугушуу өткөрдү. Анда өкмөт жетекчиси “Кыргызстандын чет өлкөдөгү ардактуу консулдар институтун биз Кыргызстандын аброюн дүйнөгө жайылтуунун маанилүү булагы катары карайбыз. Биргеликте эл аралык аренада республиканын улуттук кызыкчылыктарын алга жылдыруу жана демократиялык жана рыноктук реформаларды ишке ашыруу максатында жагымдуу абалды камсыздашыбыз керек”,– деп билдирди.

Өкмөт башчы инвестиция тартуу жана башка маселелерге токтолду:

“Мамлекеттер аралык түзүлгөн соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштар жогорку деңгээлге көтөрүлүүсү тийиш. Бүгүнкү күндө Кыргызстан инвестициялардын келишин, жаңы илимди жана мыкты дүйнөлүк тажрыйбаны күтүүдө. Ардактуу консулдардын көңүл чордонунда, албетте, сиздер ишмердүүлүк жүргүзгөн мамлекеттердеги биздин жарандар жана компаниялардын кызыкчылыктарын жана укугун коргоо маселеси турушу керек”,– деди премьер.

Жолугушууга Кыргызстандын Казакстандагы, Кореядагы, Нидерландыдагы, Орусиядагы, Түркиядагы, Япониядагы ардактуу консулдары катышканын өкмөттөн билдиришти.

 

Булак: super.kg