joomart-otorbaev

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев  кечээ,  2-мартта Мамлекеттик каттоого караштуу Транспортторду жана айдоочулук курамды каттоо департаментинде жайгашкан Калкты тейлөө борборунда болду. Борбордун кызматкерлери менен болгон жолугушууда билдиргендей, алардын ишинде адам факторун жоюу керек. «Бул биринчи тейлөө борбору. Эми Ош шаарында да ачууну пландап жатабыз», – деди премьер. Ведомстводон маалым болгондой, 2014-жылы 68 миң адамга транспорттук каражаттарды каттоо жана Бишкектин тургундарына айдоочулук күбөлүк берүү боюнча кызмат көрсөтүлдү. Ж.Оторбаев билдиргендей, 2014-жылы 100 миңден ашуун унаа киргизилип, жалпысынан катталгандардын саны 900 миңди түзөт. Өздөрүнүн биометриялык маалыматтарын тапшырбаган жарандар шайлоолорго катыша алышпайт. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта премьер-министр Жоомарт Оторбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын транспорт каражаттарын жана айдоочулук күбөлүктөрдү каттоо департаментинин Бишкектеги бөлүмүнө барган учурда билдирди. Премерьдин айтымында  өздөрүнүн биометриялык маалыматтарын 2,5 млн жакын кыргызстандыктар тапшырышты.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА