Феруза1

Урматтуу судьялар жана соттордун аппарат кызматкерлери!

Урматтуу кесиптештер! Сиздерди кесиптик майрамыӊыздар – сот системасы кызматкеринин күнүменен куттуктайм!

Биздин ишмердүүлүк өтө маанилүү жана жоопкерчиликтүү экендигин айта кетсем.  Өлкөбүздүн бүтүндөй сот бийлик бутагынын бедели ар бирибиздин, сот отурумунун катчысынан тартып судьяларга чейин, өз милдеттерибизди так жана сапаттуу аткаруубуздан көз каранды.

Биздин республиканы укуктун үстөмдүгү орнотулган демократиялык мамлекет катары курууда, бизге алдынкы роль бөлүнүп, өзгөчө жоопкерчилик жүктөлгөн.

Өлкөдөгү жүрүп жаткан сот тутумунун реформасы өзүнүн оң жыйынтыктарын берееринемен ишенем. Буга сиздердин кесипкөйлүк, жоопкерчилик,чечим кабыл алуудагы сабырдуулук, принципиалдуулук жана калыстык сапаттарыңар жардам берет.

Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыӊыздар менен куттуктап, Сиздерге чыӊ ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубатчылык жана ишиӊиздерге ийгиликтерди каалайм!

Урматым менен,

Феруза Жамашева, 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы