Жеке детективдердин жана жекече күзөтчүлөрдүн кардарларынын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо боюнча мыйзам долбоору демилгеленүүдө
“Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңеш жыйынында каралды. Долбоордун демилгечилери – депутаттар Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.
Демилгечилеринин бири Т.Бакир уулунун айтымында, мыйзам долбоору жеке детективдердин жана жекече күзөтчүлөрдүн кардарларынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында иштелип чыгып, жеке детективдер үчүн кошумча ыйгарым укуктарды белгилөөгө жана жеке күзөтчүнүн укуктук статус алуусу үчүн кошумча чектөөлөрдү киргизүүгө багытталган.
Мыйзам долбоорунда иш берүүчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында жекече детективдерге жарандардын инсандыгын мүнөздөгөн өмүр баяндарын жана башка маалыматтарын алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен эмгек контрактарын иш берүүчүлөр менен түзүүдө келишимдик негизде жыйноо укугун берүү сунушталган. Аталган ченемдин кабыл алынышы иш берүүчүлөргө абийирдүү жана кесипкер кадрларды тандоого, жарандардын инсандыгын мүнөздөгөн өмүр баянын жана башка маалыматтарды жыйноо боюнча көптөгөн изин суутпай издөө агенттиктеринин детективдик кызмат көрсөтүүлөрүн “көмүскөдөн” чыгарууга, ошондой эле жеке детективдик ишти натыйжалуу контролдоону жана көзөмөлдөөнү камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасынын ИИМнин маалыматтарына ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө өзүнүн балансында кызматтык курал-жарактары жана атайын каражаттары бар 106 жекече күзөт мекемеси катталган. Эксперттердин баамында, күзөт мекемелеринин 1%га жетпеген кызматкерлери мыйзамдарды бузуп, ырастамаларынан ажыратылат. Андыктан, жеке күзөт мекемесине ишке алууда кошумча чектөөлөрдү киргизүү менен ак ниеттүү жарандардын коомдук тартипти көзөмөлдөшүнө шарт түзүлөт.
Мыйзам долбоорунда жекече күзөтчүнүн укуктук статусун алуу үчүн кошумча чектөөлөрдү киргизүү сунушталган. Мисалы, мамлекеттик кызматчынын ыйгарым укугун токтоткондо же мамлекеттик кызматчы деген наамдын баркын кетирүүгө же болбосо ага карата ишенимдин кеткендигине байланыштуу кандайдыр бир жосун жасоого, эгерде ыйгарым укуктар токтотулгандан кийин же иштен бошотулгандан кийин үч жылдан аз эмес мөөнөт өтсө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык негиздер боюнча мамлекеттик кызматтан бошотулгандар, бир жылдын ичинде коомдук тартипти бузган жана коомдук коопсуздукка же сот адилеттүүлүгүнө шек келтирген административдик укук бузууларды жасагандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке кайталап тартылгандар жеке күзөтчү болуу укугуна ээ болбойт.
Мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.
Комментарий кошуу