айыл чарба1

Айыл Чарба жана мелиорация министрлиги менен Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы 2015-жылдын 3-мартында (эртең) Чүй областына караштуу Сокулук районунда, райондук мамлекеттик администрациясынын жанында саат 10:00дө  “Жазгы талаа жумуштары, суунун эффективдүү колдонуу ыкмалары, күнөсканаларды (теплица) уюштуруу маселеси, эпизотикалык абал боюнча” семинар өткөзмөкчү. Семинарга Айыл Чарба министрлигинин өкүлдөрү, департамент жетекчилери, ЖК депутаттары катышат. Андан тышкары “Кайыңды кант” кант заводунун жетекчилиги, жыйырма айыл өкмөтү, жүзгө жакын дыйкандар катышып, 40-50 техниканын көргөзмөсү болот. Толук маалымат үчүн 0709 99-49-44-Жолдошбек, 0773 85-71-50-Кубаныч, 0770 40-04-17-Фатима номерлерине кайрылсаңыздар болот.