Жумагүл-Эгембердиева

Өткөн жылы Жалал-Абад облусуна келген туристтердин саны 2013-жылга салыштырмалуу  1300кө өсүп, түшкөн киреше 26 млн. сомдон ашкан. Бул туурасында Жалал-абад облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева “Аймак” гезитине берген интервьюсунда билдирет. Бул башталышы гана. Мунун үстүндө иштөө керек ,-дейт Өкмөттүн өкүлү. Анын айтымында көптөгөн адамдар кошуна өлкөлөрдөн  Шор-Булак, Падыша-Ата жана башка   ыйык жерлерибизге сыйынуу үчүн  келишет. Андан тышкары мурдагы жылы парапланеристтер Сузакка келип, парапланда учушуп, бизде спорттун бул түрү үчүн  жакшы аба агымы бар экенин айтышкан. Ошондой эле  Жумагүл Эгембердиева экстремалдык туризмге  жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экенине карабастан  спорттун бул түрү көңүлдөн тыш калганын жана алар  бул багытта иштеп жатышканын айтат. Облус аймагындагы Арстанбап, Сары-Челек   сыяктуу  ажайып жаратылыш жерлери экотуризм үчүн ыңгайлуу. Өкмөттүн өкүлүнүн ишениминде  ички резервдерден  инвестицияларды тартуу менен туризмди өнүктүрүүгө болот.

Бегим ТУРДАЛИЕВА