эхиноккоз1 Эхиноккоз

«Мал чарбасын жана рынокту   өнүктүрүү (МЧРӨ)-1»  долбоорунун алкагында эхинококкозго  каршы   иш-чараларды  жүргүзүүдөгү  тараптардын өз ара аракеттери боюнча 2-отурум Жалал-Абад шаардык мэриясында болуп өттү. Бул программа Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация  жана Саламаттыкты сактоо министрликтери тарабынан бекиген, Кыргызстанда 20015-2018-ж-ж. Эхинококкоз менен күрөшүү  боюнча Стратегиялык планына ылайык  жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абад  шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Мурат  Исмаилов: «Эхинококкоз оорусун алдын алууда биргеликте иш алып барсак жыйынтык болот. Ден соолукту чыңдоо кабинеттери, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору элдердин арасында коммуникациялык  иштерди өткөрүү боюнча планы жана графиги иштелип, ден соолук комитеттери ар бир үйгө кирип үй-бүлө мүчөлөрүнө эхинококкоздун коркунучтуу экендигин жана ооруну алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү  зарыл.

Аймактык башкарууларда жеке ветеринардык кызматкери болушу керек, долбоор боюнча жеке ветеринардык кызматкерине эмгек акы берилет. Жеке ветеринардык кызматкер, журналга каттоо, дегельминтациялоо, кулагына татировка басуу, бир ит 4 айда 1 жолу дегельмитациядан өтүүсү зарыл жана иттерди дегельмитациялагандан кийин 72 саат  бою байлоодо  кармап жана алардан чыккан кыктарын өрттөп же жерге көмүп жок кылуу керектиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзөт» – деп билдирди отурумдун катышуучуларына.

Статистикалык маалыматтар боюнча 2014-жылы эхинококкоз оорусу менен ооругандардын саны – 32. Ар бир миң адамдан 18и операция болууда.

Отурумдун  жыйынтыгында эхинококкоз оорусу боюнча элдин арасында түшүндүрүү иштерин маалымат каражаттары аркылуу кеңири жайылтуу жана жума күнү мечиттерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жогорку жана орто окуу жайларда лекцияларды уюштуруу  иштери алып барылаары белгиленди.

Мейманбү АКЖОЛОВА, Жалал-Абад облусу