Өзгөндө биринчи жолу эл аралык күрүч фестивалы өттү. Анда күрүчтүн ондогон сорттору, күрүчтөн жасалган тамактардын жүздөгөн түрлөрү сунушталды. Атактуу Өзгөн мунарасынын жанында оюн-зоок коштолгон майрам өтүп, ага төрт-беш миңдей киши чогулду. Күрүч боюнча илимий конференция да өттү. Уюштуруучулар мунун баары күрүч өндүрүүнү көбөйтүү, “Өзгөн күрүчү” брендин эл аралык деңгээлге чыгаруу жана аны чет өлкөлөргө экспорттоо максатын көздөй турганын айтышты.

1 “Биздин жердин күрүчү” фестивалы.

2
Өзгөндө бышкан аш эле эмес, Өзгөндө өскөн күрүчтүн да чоң сыры бар. Кара-Кулжа менен Жазы дарыясынан жээгиндеги минералга бай 1500 гектардай жерде шалы аянты жатат.

Алгач жанчыла элек шалы он күнчө күн көрбөй жатат. Анан башы кызыл тартып, денеси чыңалат. Ошондон кыпкызыл Өзгөн күрүчү чыгат.

6
Кыргызча палоо, өзбекче палоо, түркчө палоо кыскасы, палоонун жүздөн ашык түрү коюлду.

7 Түрдүү этникалык топтордун күрүч тамактары тартууланып жаткан фестивалга бүгүн үч миңге чукул киши келгенин аймактагы кабарчыбыз билдирди.

8 Өзгөн мунарасынын жанында өткөн фестивал ыр-күлкү, салтанат менен коштолуп турду. Өнөрпоздор ар улуттун бийлерин, ырларын, кыргыз бийлерин бийлеп атты.

13 Күрүчтөн жасалган салаттын 20-30дай түрү коюлду.

15 Фестивал “Пангеа” эл аралык коомдук фонду, ПРООН жана Германия кызматташтык уюмунун колдоосунда жергиликтүү бийликтер жана Айыл чарба  министрлиги тарабынан уюштурулган.

16 Дүйнө жүзүндө күрүчтү 1 млрд. 300 миң адам негизги азык катары пайдаланат.

17 Күрүч өндүрүү боюнча дүйнөдө Кытай, Индия жана Таиланд өлкөлөрү алдыда. Аларда жылына кеминде 100 миң тоннадан, 250 миң тоннага чейин өндүрүлөт.

18 Иш-чарага Жапония, Иран, Корея, Кытай, Казакстандын элчилери жана бийлик өкүлдөрү катышты. Кыргызстан жана Орусиянын айыл чарба боюнча окумуштуулары атайын конференцияда күрүч өндүрүүнүн жаңы технологиялары жана аны чет жактарга экспорттоо маселелерин талкуулады.

19Словакия мамлекетинде өткөн азык-түлүк боюнча дүйнөлүк жыйында, Өзгөндүн “Кара кылтырык” менен “Ак урук” сорту эл аралык “Сапат” сертификатын алган.

20 Фестивалда коюлган тамактардын баары жалаң күрүчтөн жасалды.

Эрнист Нурматов

Булак: Азаттык