Өзбекстан мурдагы СССР сыяктуу биримдикке кирбейт жана совет доорундагыдай жашоого кайра кайтып барбайт”-дейт И.Каримов
Өзбекстандын президентинин төмөндөгүдөй билдирүүсүн РИА жарыялады. Анда:”Өзбекстан мурдагы СССР сыяктуу биримдикке кирбейт жана совет доорундагыдай жашоого кайра кайтып барбайт”-дейт И.Каримов. Бул билдирүү кайра шайланган парламенттин мыйзам чыгаруу палатасынын биринчи отурумунда сөз сүйлөп жатып айтылган. “Мамлекетти өнүктүрүү үчүн биз өз жолубуз менен кетебиз. Дагы бир жолу айтып коеюн, биз өткөн жашоого кайра кайрылып барбайбыз. Өзбекстан мурдагы СССР өңдүү биримдикке кирбейт,-деп билдирген И.Каримов. Анын айтымында, учурда айрым мамлекеттерде мурдагы союз мезгилине кадам таштоо аракети көрүлүп жатат. Ошондой эле Каримов, Өзбекстан өзүнүн аймагына чет элдик аскер базаларын жайгаштырууга уруксат бербей тургандыгын дагы бир жолу эске салып жатып, мындай көрүүнүштөр Өзбекстандын тышкы саясат боюнча 2012-жылдагы кабыл алынган концепциясына туура келбестигин айткан.
Даярдаган Айзада ДҮЙШӨНБАЕВА
Комментарий кошуу