удушье

Ош облустук бириктирилген клиниканын ыкчам медициналык жардам берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Мурзаев бир жылдын ичинде өз өмүрүн кыюуга барган адамдар жөнүндө маалымат таратты. Ооруканага ушул жылы суицид жасагысы келген 69 адам түшкөн. Жалпысынан суицидге барган адамдардын 15% эркектер, 85%ы аялдар болгон. Өмүрүн кыйгысы келген адамдардын көбүн 20 жашка чейинки жаштар түзөөрү аныкталган. Өзүн өлтүрүүнүн негизги каражаты болуп дары-дармектерди көп ичүү эсептелет, ал 56% түзөт, өзүн асып алуу 16%, уксус ичүү 11% ж.б. Расмий статистикага таянсак, дүйнө жүзү боюнча 1,1 млн. адам өз жанын өзү кыяры аныкталган. Бирок бул катталгандары гана, катталбай калгандарды кошкондо 4 млн.го жетээри айтылат. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен ушул жылы өзүн-өзү өлтүрүүлөрдүн саны үч өлкөдө өзгөчө: Литвада 34 эркек, 61 аял, Казакстанда 25 эркек, 43 аял жана Белорусияда 25 эркек өз өмүрлөрүн өздөрү кыйган.

Сымбат МАКСҮТОВА