күйгөн үй1

21-февралда Айдаркенге жакын Сырт айылында 1974-жылы төрөлгөн Р.Тажибаевди өз балдарын жана аялын өрттөп жиберген  деген маалымат АкиПресс маалымат агенттигине жарыяланган. Адам үрөйүн учурган мындай окуянын чоо-жайы боюнча облустук ички иштер башкармалыгы башка маалымат таратты. Таратылган бул маалыматтарга таянсак, Р.Тажибаев өз үй-бүлөсүн өрттөгөн эмес. Жөн гана электр энергиясынан чыккан өрттөн улам үй күйүп кеткен. Чындыгында бул үй-бүлөнүн кадыр-баркына доо келтирилген мындай маалыматты ким тараткандыгы жөнүндө азырынча ачыктала элек. Үй-бүлөнүн ички мамилелеринен улам ушундай сөздөр тарагандыгы жөнүндө айылдаштары жана депутаттары да айтышты.

Адылбеек АКМАТОВ, Баткен облусу