Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, ыйгарым укуктуу өкүл Эмилбек Каптагаев облустук коллегияда айрым район жана шаар жетекчилрин сынга алды.
“Учурда иштеп жаткан чакан ишканалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй жатасыңар, эгер жеринде барып, сүйлөшүп, эмне продукцияларды чыгарып жатышса, аларга көмөк көрсөтүп, облусубузду толугу менен ошол жеринде иштеп жаткан ишканалар керектүү нерселер менен камсыз кылуу жагын биргеликте сүйлөшүп иш алып барсанар, анын негизинде жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү өсмөк. Ушундай эле талаптар, ар бир районго, айыл аймак башчыларына тийиштүү”, – деди Э.Каптагаев.
Ошондой эле ал токтоп турган ишканалар боюнча алдыга жыла турган бир да иш алынып барбай жатат деп район, шаар жетекчилерин ыйгарым укуктуу өкүл сынга алды.