Ысык-Көлдө балык уулаганы кетип, жоголгон эки адам дагы деле табыла элек
Ысык-Көл районундагы Өрүктү айыл аймагында 2014-жылдын 29-ноябры күнү Чоң-Өрүктү айылынын тургундары – 1966-жылы туулган Ашыров Эмил Касымбаевич жана 1967-жылы туулган Алмабеков Ишен Айылчиевич балык уулаганы Ысык-Көл көлүнө кетишип, үйлөрүнө кайтып келишкен эмес. Ошондон бери издөө иштери жүргүзүлүүдө.
2014-жылдын 2-декабрында издөө иштерин КРнын ӨКМнин №15 өрт-куткаруу бөлүмүнүн жана КРнын ӨКМнин №31 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, туугандарынан 15 жана жергиликтүү эл тарабынан 80 адам 15 кичине кеме менен издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес.
Издөө иштери улантылууда.
Комментарий кошуу