Мындай маалымат бүгүн күзгү оруп-жыюунун жыйынтыгы боюнча облустук коллегияда айтылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Облус боюнча дан эгиндери 92980 гектар өлчөмүндө жыйналып (2013-жыл 93146 гектар), орточо түшүмдүүлүк 17,9 центнерди түзгөн. Мунун ичинен буудай 65436 гектар, орточо түшүмдүүлүк 18,4 центнер, арпа 26797 гектар, орточо түшүмдүүлүк 16,9 центнерди түзүүдө.
Ал эми картошка 27503 гектар казылып алынып, түшүмдүүлүк 181,0 центнерди, жашылча 2034 гектар жыйналып орточо түшүмдүүлүк 175,3 центнерди түзүүдө. Бүгүнкү күндө оруп жыюу иштери аяктады.
Белгилеп кетсек, быйылкы аба ырайынын ысык болушу жана сугат суусунун тартыштыгы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизип, анын негизинде айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүү көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшүнө алып келди.