ырчы Кут

Каарман жөнүндө:

Аты жөнү: Кут САГЫНБЕКОВ

Туулган жылы: 1986- жыл

Туулган жери: Талас облусу, Кырк-Казык айылы

Жашоодогу урааны: Эч кимге жамандык кылбоо

Тилеги: Кыргызстан гүлдөгөн мамлекет!

Адамдардагы баалаган сапаты: Жөнөкөйлүк

Жактырган чыгармачыл инсаны: Бек Борбиев

Учурда: Жеке ырчы

Ыр дүйнөсү канчалаган адамдарды өз кучагына алып жүрөт. Ыр ааламы өзүнчө ажайып дүйнө,- деп маек жүрүшүн баштаган менин бүгүнкү маектешчү каарманым, учурда ыр дүйнөсүнө жаңыдан багыт алып, жаңы эмгектерин жаратып, угарман сынына коюлуп, алдыдагы пландары менен ой бөлүштү. Учурда сөзү обону Бек Борбиевге таандык “Эсиңдеби”, Кудайберген Кутуевдин “Туулган күн” аттуу ырларын жаңылап, аталган чыгармалары атамекендик радиолордо жаңырууда. Репертуарын учурда 9 чыгарма менен толуктады. Күйөрман журтуна тартуулай турган чыгармалары жаңыдан башталганын баса белгилесек болот. Анда эмесе жаңы ысым, Кут Сагынбековдун чыгармачылыгы тууралуу маек назарыңыздарда.

– Кут, жаш ырчылардан кантип өзгөчөлөнгүң келет?

– Кудай деп, чыгармачылык чөйрөгө жаңыдан аралашууга багыт алдым. Өнөр жолунда укмуштуудай өзгөчөлөнөм деп чоң максат, пландарды айтуудан алысмын. Башкы максатым ыр дүйнөсүндө, жакшы чыгармаларды жаратуу менен, маданиятка кызмат кылсам деген жакшы тилек менен эмгектенүүгө кириштим десем жаңылышпайм.  Жандуу ыргак менен ыр ырдап, калың элдин алдында эмгек кылам.

– Кайсы музыкалык аспапта ойной аласың?
– Ушул тапта жергиликтүү  радиостанцияларда ырларым жаңырууда. Багытым эстрада жанры.  Аккордеондо,  фортепианодо, гитарада ойной алам. Өзгөчө патриоттук сезимди козгогон жакшы чыгармаларды ырдагым келет.

– Ырчылык кесипти тандоого эмне себеп болду?

– Армияда кызмат өтөп келгенден кийин, Таласка айылыма баргандан кийин, кандайдыр бир ыр жагына кызуугум күч алды десем болот. Бирок, мектепте окуп жүргөн учурда да ар кандай иш-чараларда ырдачумун. Музыка сабагынан сабак берген Жамалбек Акматов агайым, ар кандай кароо-сынактарга алып барып ырдатып жүрдү. Негедир, ыр дүйнөсүнө кызыгуум жан дүйнөм менен кошо төрөлгөн десем болот болуш керек. Айтор, ыр дүйнөсүнүн каарманы болгум келет. Учурда, сөзү, обону КР Эмгек сиңирген ырчысы, Бек Борбиев агабызга таандык, бир учурда Кудайбеген Кутуев байкебиз аткарып чыккан “Эсиңдеби” деген чыгармасы, аз да болсо, угармандарын тапты десем болот. Учурда “Эсиңдеби” чыгармасына клип тарттырууну пландап жатам. Тартылчу каармандар тандалды, буюрса жакынкы аралыкта клип тартылат. Менин мындан кийинки кадамым бир гана ыр дүйнөсүнө арналат деп турам.

– Үй-бүлөңүздө чыгармачылыкка жакын адамдар барбы?

– Үй-бүлөмдөн атам жакшы ырдайт. Атам кезинде маданият үйүндө жакшы ырдаганы тууралуу жакшы сөздөрдү угуп жүрөм. Ырга болгон кызыгуум, атамдан өткөн деп түшүнөм. Үйдөн атам азыр деле ырдап калат. (күлүп)

– Ырчы болуш үчүн талант же күчтүү спонсор керек бекен?

– Албетте, алгач талант керек деп ойлойм. Негизгиси болуп аракет, эмгек керек. Чынын айтыш керек, кайсы жагдай болбосун, акча да керек. Чыгармачыл адам үчүн, аракеттенсең  баары өз нугуна түшөт. 1 пайыз талант, 99 пайыз эмгек керек деген пикир бекер айтылбаган чыгаар.

– Той-кечелерде ырдайсыңда?

– Ооба, ансыз болбойт. Албетте, чакырган адамдардын жакшылыгына барып ыр сунуп, кайтабыз. Азыр ырчылардын баардыгында эле ушул нерсе бар. Биринчи, аткарып чыккан чыгармаң угарманга жакса, андан кийин чакыруулар түшөт.

– Ырларыңызды аткарган учурда музыкада болгон кыймылыңыз, кийинүү стилиңиз да, бир аз Бек Борбиевге окшошуп кетет экен, бул жөн гана окшоштукпу же кандай?

– (Күлүп), балким окшошот чыгаармын. Мектепте окуп жүргөн маалда, Бек агабыздын ырлары менен чоңойдук, таасирлендик дегендей. Ошондой болуп калса кана, Бек агабыздын деңгээлиндей чыгармаларды жаратып, эл эмгегин сиңирип, кызмат кылган болсок бул чоң жетишкендик.

Маек курган Мээрим БАКТЫБЕК кызы