Ысык-Көл облусунда эпидемияга каршы жүргүзүлгөн чаралардын натыйжасында облуста вирустук гепатит жана кургак учук оорулары менен катталган адамдардын саны азайды. “Вирустук гепатит” оорусу менен 2014-жылдын 9 айында 423 адам катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 2,9 эсеге же 33,5%га азайды.