обменка1

Чет элдик валютага болгон суроо-талапты басаңдатуу максатында Улукттук банк 4-февралда 11 млн., 5-февралда 36,45  млн.  долларды валюта рыногуна чыгарды.  Белгилей кетсек,  Улуттук банк  январь айында да 64 млн.дон  ашык  доллар менен валюта рыногуна интервенция жасады.  Бирок ага карабай  доллардын курсунун өсүүсү акырындан улантылууда.  Доллардын курсунун өсүп жатышы коомдук турмуштун бардык чөйрөсүнө таасирин тийгизүүдө.  Ишкерчиликти  кредитсиз өнүктүрүү мүмкүн эмес. Доллар түрүндө ири кредиттерди алган ишкерлер гана эмес,  азыраак көлөмдө турак-жай же башка  турмуш-тиричиликке керектөөчүлүк кредиттерди алгандар да бүгүн оор абалда калды. Ушул күндөрү  эле доллар 1-1,50 тыйынга чейин көтөрүлдү. Ал эми акыркы  жарым жылда 1 доллар 10 сомго жакын кымбаттады. Доллардын курсунун өсүү тенденциясы дагы канчага созулушу  жана кайсы чекке чейин жетиши мүмкүн деген суроо бүгүн калайык-калкты  катуу тынчсыздандырууда.

Экономист Улук Кыдырбаев “24 kg” агенттигине  доллардын курсу андан ары өсөбү же жокпу аны азыр айтыш кыйын, бирок өссө кескин өсөт деп ойлобойм. Ал эми доллардын күчтөнүп жатышына тышкы фактордун таасири чоң. Негизги себеп  мунайга баанын төмөн болуп жаткандыгында,- деген пикирин билдирген.  Ал эми Россия Илимдер академиясынын  Постсоветтик өлкөлөрдүн экономикасы  институтунун  экономикалык өнүгүү  секторунун илимий кызматкери  Аза  Миграняндын  пикиринде валюта курсу бардык экономикалык  жана экономикалык эмес  факторлорго байланышкан категория болуп саналат. Ошон үчүн бүгүн дээрлик бардык өлкөлөрдүн валюталары, анын ичинде кыргыз сому да толук бойдон өзгөрмөлүү  жана  ички, тышкы факторлорго көз каранды,-деп эсептейт. Окумуштуу Кыргызстанда  сомдун курсуна  таасир этчү ички фактор катары экономиканын өнүгүү деңгээли жогору эместигин, ал эми  тышкы фактор катары  доллардын дүйнөлүк рыноктогу абалын  белгилейт.  Бүгүн  кыргыз сому өзгөрмөлүүлүктүн жогорку деңгээлинде  боло тургандыгын божомолдоого болот.     Курстун өсүшү жана төмөндөөсү кыска мөөнөткө  болуп, тенденция  3-5 күнгө чейин сакталышы мүмкүн, андан кийин  УБнын валюта рыногуна жасаган интервенциясынын  таасиринен  курс жөнгө салынат. Кыргыз сомунун динамикасы  дүйнөлүк валюталар сыяктуу эле болот.  Эгерде дүйнөлүк рынокто доллардын курсу, нефтинин баасы  өзгөрсө  албетте  ага жараша сомдун да курсу өзгөрөт,-дейт Аза Мигранян.

Экономист  Айылча Сарыбаевдин пикиринде доллардын курсунун кескин өсүүсү болбойт. Жеткен чеги 65 сомго чейин чыгышы мүмкүн.  Албетте,  бардыгы Россияга байланыштуу. ал жакта мамлекеттик машина рублдин жана доллардын курсу боюнча  жакшы иштеп жатат. ЕАЭС өлкөлөрүнүн биргелешкен иш-аракети менен сөзсүз валюта рыногу жөнгө салынат.  Анан калса Кыргызстанда доллардын өсүшүнө экономикалык  чоң себептер деле жок.  Бул жөн гана валюталык  паника болуп жатат.  Ошон үчүн паника  токтосо,  доллардын курсунун өсүшү  токтойт.

Кошумчалай кетсек  3-февралдагы  CA-NEWSтун маалыматы боюнча  Өзбекстанда да доллардын курсу эң жогорку чекке жетип,  “жапайы рынокто”  1 доллар  4050 сумга бааланды. Мындан 2 жума мурда эле  доллар курсу 3750 сумду түзгөн.  Ал жакта да доллар саткан эмес, аны  сатып алуучулар басымдуулук кылууда.  Ал эми Өзбекстан Борбордук Банкы  тарабынан учурда 1  доллардын баасы  2442 сомго белгиленген.

Бегим ТУРДАЛИЕВА