Италия Ризщван Италиея Ризван2 Италия Ризван1 Италия Ризван3

Италия  дептеринен

Бул  жарыкчылыкта  Венецияны  көрүүгө  ашыкпаган,  кумарланбаган адамды  табуу кыйын болсо керек.  Бүткүл  жер жүзүндөгү адамзатты деңиз үстүндө курулган шаарды, деңиз термелткен калааны көрүүгө  куштарлантканы  үчүн да  Венеция ири туристтик  борборго  айланган. Деңизде сүзүп баратканда канча жагымдуу сезимдердин кучагында  термелесиң, төрт тарабыңда  суунун толкунунан  чайпалып-чайкалып турган өзгөчө бир  керемет сулуулукту, тамшандырган  кооздуктан бир башкача сезесиң  өзүңдү. Күтүүсүз  келген бакыттай    апкаарытып, көөдөндү  элеп-желеп  кылган  чалкыган уникалдуу көркөм дүйнөнү  өз көзүң  менен  көргөнүң үчүн толкуп-ташыйсың, Кыялыңда жети кабат асмандын үстүндө  бараткандай,  адреналинге  мас  сезимдериң  канатсыз  кайкып  учушат.

Венеция   Түндүк  Италиядагы  Адриатикалык  деңиздин   жээгиндеги, жээкке эле  эмес, деңиз  үстүндө  курулган  шаар. Анын  эски  тарыхый  бөлүгү  каналдар  менен аралдардын  тутамын  кармап  тургандай сезилет.  Орто  кылымдарда Венеция – Венециан Республикасынын борбору, Жер Ортолук  деңиздеги  ири  порттуу  мамлекеттердин  бири  болгон. Шаардын борбордук  бөлүгү  жүз он сегиз аралдардагы  150 каналдарга  жана куймаларга  бөлүнгөн  Венециан  көлдөрүн  бири-бирине  туташтырууга, бири-бирине байланыштырууга  төрт жүзгө жакын көпүрөлөр  курулган .  Венециянын  эски ,тарыхый  бөлүгүндөгү кварталдар өтө жыш, өткөн доорлордун  элесин  каткан  шаардын  табышмактуу, көөнө  архитектурасы, куш  көчөлөрү,  деңизге  салынган төрт-беш  кабаттуу  бийик  үйлөрдүн  ортосундагы  сууда  гандолалар, ар кыл  дизайндагы  кайыктар, моторлуу  суда, баржалар  аркы-терки сүзүп жүрүшөт. Бир аялдамадай аралыктан фасады ар башкача, ар түрдүү формадагы көпүрөлөрдү жолуктурасыз. Ошол жердеги  эл көп  байырлаган, кайсы бир  даражада өмүр-тагдырын атактуу көпүрө менен байланыштырган, эбегейсиз  чоң, фасады   көрүнүктүү,  абдан кооз, эски    Реальто  көпүрөсүн “сүйүшкөндөрдүн  көпүрөсү”   деп  коюшат. Эки тарабын  симетриялуу темир аркалар менен кооздоп, ар бир деталын, ар бир композицияны  чеберчилик  менен  кештелеп,  сюжетинин  мазмунун, образдуулугун жар салган, бүткөн бир ажайып  искусство  чыгармасындай эле  таасир калтырат. Көпүрөнүн  атагын  чыгарган атрибуттар кат салынган,  жазылган  каттарды  кулпулап, сыр  сандыктай аздектеп, көпүрөнүн эки  канатына  кыркалекей  илип  кетишет  жаштар. Арасында, айткандай  сезим  жашка  карабайт  эмеспи… Канчалаган тагдырлардын таржымалы, канчалаган сүйүүлөрдүн   баяны  катылган  кулпулардын  көлөмү, түсү, формасы кала берсе анын ичиндеги  сыры да ар  кыл, ар түрдүү. Жолугушкан  күнү, айы, сааты же ажырашкан жылы, мезгили, каерделиги  же болбосо, эч кимге  айта албаган,  белгисиз себептен  тагдыры бирикпей  калган, бири-бирине жетпей калган  сүйүүлөрдүн тагдыр  сырлары, болбосо качандыр бир кездеги алдыдагы  жолугушуунун  мезгил-сааты жазылаарын айтышты. Ушул көпүрөнүн  башкалардан  айырмачылыгы   толкундар топтолуп келип, канаттарын серпий кайра жазылган деңиздин  өтө кооз, өтө романтикалуу, өтө таң каларлык жерине  курулуп, эки тарабындагы темир  тосмолорунун  оймо-чиймеси, архитектуралык  жасалгасы да, сюжети да  жаштыкка  мүнөздүү кездин, кыялкеч сезимдердин  мүнөз-табияты менен  үндөшүп, ушуну   жасаган- курган   уста- мастерлердин жанасүрөткерлердин  мыкты  чеберчилигин  айгенелейт.  Романтикалуу  Реальтодо  басып  баратып, жаштык кезди эске салбай  кое  албайсыз…. Анан  калса, жүрөктүн  түпкүрүн  ээлеп  алган, же  жек  көрүп   да,  колунан  жетелеп  тартып чыгара  албаган  “тааныш”-“бейтааныш”   бирөөнү, сиздин  жашооңузга  кирип  алган   кимдидир   ойлогонго   аргасыз  болосуз…                                                  Ошол  туштагы эски үйлөрдүн  панорамасынан  көп кабаттуу имараттын  бурчуна  тургузулган эстелик ( статьуя) эрксизден көңүлүңүздү өзүнө  бурат. Бул өткөн  кылымдын, доордун тарыхый  чындыгы… .Биринчи  дүйнөлүк согуш мезгилинде, тагыраак  айтканда, 1797-1798-жылдары  Бонапарт  Наполеон   Венецияга  бастырып   киргенде,  венециандыктар  түп көтөрүлө шаарды коргомокчу болушуп, колдон  келгендин  баарын  жасашат. Армиядагы   жоокерлер эле эмес, жергиликтүү  тургундар да  аял-эркек, чал-кемпир, жаш балдар  калбай, баскынчылардын мизин кайтарууга жан  далбасташат. Бирок, элдин духун түшүрүп, элдин ынтымак-ыркына бүлүк түшүргөн ар кыл  ушактар  тарайт. Аны ким  таратып  жүргөнү  белгисиз… Ушакчынын таба албай, баштары катат. Шаардан-шаарга, көчөдөн-көчөгө  желдей  тараган ушакка ишенбөөгө чакырышканы  менен башка өңүттөгү  элди  душманга багынып берүүгө, баскынчылардын алдына  түшүп,  жан-соогалап, нан-туз менен  тосуп  алууга  үндөгөн жаңы  ушактар элдин  үрөйүн учурат…  Ошол  эски  кварталда  жөнөкөй  бир  кемпир  турак үйдүн  бешинчи кабатында  жашаган.  Күндөрдүн  биринде кемпир  балконго чыгып, тиричилигинин бирдемесине алаксып кетип, колундагы кыз кезиндеги  ата-энесине калган, сепке  берилген  таштай катуу,  таштак нык, таштай сулк, оймо-чиймеси деле бир башкача кооз  карапаны  капыстан түшүрүп  жиберет. Карапа ылдыйдагы  бир адамдын башына түшүп, ошол жерде “мүрт” эле   жан  берет. Эки-үч күн өтпөй, кемпирдин эрдиги жөнүндө  коңшулары, тааныган- билгендери,  кварталдын  жашоочулары сыймыктанып  айта башташат. Шаардык    бийликтегилер   келип,  кемпирди  куттуктап, анык баатыр дешип,  ал гана эмес, мамлекетке салык  төлөөдөн  кутулткан  жарлыкты  жарыя  кылышат. Кемпирдин эрдигине  таң калышып сурашканда; “бул  кудайдан, мен  эмесмин” дейт.  Көрсө,  кемпирдин   карапасы  ушак таратып, жаны-алы калбай чуркап жүргөн  ушакчынын  так төбөсүнө түшкөн  экен.

Венеция  өзүнүн  кайталангыс  кооздугу, уникалдуулугу   менен  адабият жана искусство  ишмерлеринин  чыгармачылыгына демөөр-шык бергенин, таасир-таалимин көздөрү өткөнчө өзүлөрү менен кошо  алып жүрүшкөнүн айтышкан. Англиянын улуу  драматургу, көп  кылымдардан бери  чыгармалары  сахнадан түшпөй (азыркыга чейин  актуалдуулугун  жоготпой  келе  жаткан түбөлүктүү  тематикасынын чечмелениши менен окурманды  магниттей  тарткан),  театрдын  алтын фондусу, жалпы адамзаттын  руханий казынасы  катары бааланган  Уильям  Шекспирдин  “Отеллосунун”  персонаждары, кейипкерлери так  ушул   Венециянын  эски  шаарынан  алынганына, эр жүрөк, кайраттуу  маврдын  аскер  гарнизону жайгашканына сыймыктанышат. Айдай  сулуу  Дездемонаны  сүйүп, сүйүүсүн   ашынган   кызганычы жеңип кетип,  куу, эки жүздүү,   айлакер,  амбициялуу   Ягонун  тилине  кирип, аялын муунтуп  жатып ; “Сүйгөнүңдү  өптүргөнчө, бакача  жерде  сойлоп өлгөн  жакшы” деген фразасы  алмуздактан  бери  келаткан   ушактын  уусу баатырлардын да тагдырын талкалаган күчкө ээ экенин  тастыктайт.

 Ризван  Исмаилова, Бишкек-Москва-Рим