студенты Турции

Стипендия программасына каттоо 2015-жылдын 25-февралынан 31-мартка чейин www.turkiyeburslari.gov.tr интернет баракчасынан жүргүзүлөт.

Стипендия төмөнкүлөрдү камтыйт:

• Айлык стипендия (Бакалавр үчүн 600 түрк лирасы (260$), Магистратура үчүн 850 түрк лирасы(370$), докторантура үчүн 1.200 түрк лирасы (530$).

• Окуу жайдын акысы

• 1 жылдык түрк тилин үйрөнүү курсу

• Акысыз жатакана

• Учак билети (1 жолу барыш-келиш)

• Медициналык камсыздоо

Кабыл алуу шарттары

 Бакалавр программасына каттоодон өтүүчү абитуриенттер;

• Түркиядан сырткары бир өлкөнүн жараны болуу,

• Тапшырган программа боюнча Түркиядагы университтетерде каттоодон өтпөгөн болуусу,

• Окуу жылы аягында орто билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүсү болуу,

• 21 жаштан кичүү болуу (туулган жылы 01.01.1994-жылдан кийинки болгондор)

• Аттестат/табелдеги баалардын, эларалык же республикалык олимпиададан алынган дипломдордун көрсөткүчү (медицина багыты үчүн % 90 ийгиликтүү болуусу, башка бакалавр адистиктерине % 70 ийгиликтүү болуусу шарт),

• Дени сак жана билим алуусуна тоскоол болуучу оорулардан алыс болуусу.

  Магиcтратура жана докторантура(PhD) программасына каттоодон өтүүчү абитуриенттер;

• Түркиядан сырткары бир өлкөнүн жараны болуу,

• Тапшырган программа боюнча Түркиядагы университтетерде каттоодон өтпөгөн болуусу,

• 30-июль 2015-жылына чейин бакалавр же магистр бөлүмдөрүнүн бүтүрүүчүсү болуу,

• Магистратурага тапшыруу үчүн 30 жаштан кичүү болуу (01.01.1985-жылдан кийин туулгандар)

• Докторантурага (PhD)тапшыруу үчүн 35 жаштан кичүү болуу (01.01.1980-жылдан кийин туулгандар)

• Тийиштүү балдык системада % 75 жетишкендик, дипломдогу орточо баа, улуттукже эларалык ЖОЖдон кийинки сынактардын биринде % 75 денгээлинде ийгиликтүү болуусу.

• Дени сак жана билим алуусуна тоскоол болуучу оорулардан алыс болуусу.

Талап кылынуучу документтер

Бакалавр программасында

• Абитуриенттин акыркы класста окугандыгын аныктаган справка/аттестат,

• Абитуриенттин окуган сабактары боюнча орточо баасы/табель

• Өздүк документтин көчүрмөсү (паспорт, күбөлүк, ж.б.)

• Сүрөт

Магиcтратура жана докторантура(PhD)

• Бакалавр/магистр дипломунун көчүрмөсү же бакалавр/магистр адистигинде акыркы курста окугандыгын аныктаган справка,

• Бакалавр/магистр программалары боюнча транскрипт (окуган сабактардын баалары)

• Өздүк документтин көчүрмөсү (паспорт, күбөлүк, ж.б.)

• Сүрөт

Абитуриенттер;

• www.turkiyeburslari.gov.tr адресинен онлайн каттоодон өтүүлөрү,

• электрондук дарек жана пароль менен өздүк баракча ачуулары,

• кабыл алуу форумун окуулары,

• системадан стипендия анкетасын толтуруулары,

• талап кылынган документтерди системага жүктөөлөрү,

•  анкетаны толтуруулары керек.