Түркиянын жогорку окуу жайларында бакалавр, магистр жана докторантура-PhD багыттарында бюджеттик негизде окуу программасы Түркия Стипендиялары2015 (Türkiye Bursları 2015) башталды
Стипендия программасына каттоо 2015-жылдын 25-февралынан 31-мартка чейин www.turkiyeburslari.gov.tr интернет баракчасынан жүргүзүлөт.
Стипендия төмөнкүлөрдү камтыйт:
• Айлык стипендия (Бакалавр үчүн 600 түрк лирасы (260$), Магистратура үчүн 850 түрк лирасы(370$), докторантура үчүн 1.200 түрк лирасы (530$).
• Окуу жайдын акысы
• 1 жылдык түрк тилин үйрөнүү курсу
• Акысыз жатакана
• Учак билети (1 жолу барыш-келиш)
• Медициналык камсыздоо
Кабыл алуу шарттары
Бакалавр программасына каттоодон өтүүчү абитуриенттер;
• Түркиядан сырткары бир өлкөнүн жараны болуу,
• Тапшырган программа боюнча Түркиядагы университтетерде каттоодон өтпөгөн болуусу,
• Окуу жылы аягында орто билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүсү болуу,
• 21 жаштан кичүү болуу (туулган жылы 01.01.1994-жылдан кийинки болгондор)
• Аттестат/табелдеги баалардын, эларалык же республикалык олимпиададан алынган дипломдордун көрсөткүчү (медицина багыты үчүн % 90 ийгиликтүү болуусу, башка бакалавр адистиктерине % 70 ийгиликтүү болуусу шарт),
• Дени сак жана билим алуусуна тоскоол болуучу оорулардан алыс болуусу.
Магиcтратура жана докторантура(PhD) программасына каттоодон өтүүчү абитуриенттер;
• Түркиядан сырткары бир өлкөнүн жараны болуу,
• Тапшырган программа боюнча Түркиядагы университтетерде каттоодон өтпөгөн болуусу,
• 30-июль 2015-жылына чейин бакалавр же магистр бөлүмдөрүнүн бүтүрүүчүсү болуу,
• Магистратурага тапшыруу үчүн 30 жаштан кичүү болуу (01.01.1985-жылдан кийин туулгандар)
• Докторантурага (PhD)тапшыруу үчүн 35 жаштан кичүү болуу (01.01.1980-жылдан кийин туулгандар)
• Тийиштүү балдык системада % 75 жетишкендик, дипломдогу орточо баа, улуттукже эларалык ЖОЖдон кийинки сынактардын биринде % 75 денгээлинде ийгиликтүү болуусу.
• Дени сак жана билим алуусуна тоскоол болуучу оорулардан алыс болуусу.
Талап кылынуучу документтер
Бакалавр программасында
• Абитуриенттин акыркы класста окугандыгын аныктаган справка/аттестат,
• Абитуриенттин окуган сабактары боюнча орточо баасы/табель
• Өздүк документтин көчүрмөсү (паспорт, күбөлүк, ж.б.)
• Сүрөт
Магиcтратура жана докторантура(PhD)
• Бакалавр/магистр дипломунун көчүрмөсү же бакалавр/магистр адистигинде акыркы курста окугандыгын аныктаган справка,
• Бакалавр/магистр программалары боюнча транскрипт (окуган сабактардын баалары)
• Өздүк документтин көчүрмөсү (паспорт, күбөлүк, ж.б.)
• Сүрөт
Абитуриенттер;
• www.turkiyeburslari.gov.tr адресинен онлайн каттоодон өтүүлөрү,
• электрондук дарек жана пароль менен өздүк баракча ачуулары,
• кабыл алуу форумун окуулары,
• системадан стипендия анкетасын толтуруулары,
• талап кылынган документтерди системага жүктөөлөрү,
• анкетаны толтуруулары керек.
Мен орто мектепти аяктап жатам. Сайтка данныйларымы 19-апрелге чейин жайкаштырсам болотпу