Түркиялык «Систем Тып» Кыргызстанга лабораториялык жабдыкты алып келүүнү пландоодо
Кечээ, 14-январда КРнын саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Түркиянын «Систем Тып» өкүлчүлүгүнүн башкы директору менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында алар тараптан («Систем Тып») диагностикалык кызматтар үчүн жабдыктар: компьютердик томограф, маммограф, санариптик рентеген, ошондой эле УЗИ аппарат алынып келингени айтылды.
Андан тышкары, аталган уюм мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасына инвестиция кылууну улантары жана кийинки кадам лабораториялык жабдыкты алып келүү каралары белгилүү болду.
Булак : Баракелде
Комментарий кошуу