спортчу спортчу1

Ишемби, 17-январда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “ТОП.kg” спорттук гезитинин тандоосу боюнча Кыргызстанда Жылдын мыкты спортчуларына сыйлык тапшыруу салтанаты болуп өттү. Кече “кызыл килем” форматында уюштурулуп, концерттик программа менен коштолду.

Мыкты спортчуларды аныктоо 2 этаптан турду. Алгач 2014-жылдын 1-декабрынан 2015-жылдын 6-январына чейин Sport.kg сайтында жана СМС аркылуу добуш берүү жүргүзүлдү. Экинчи этапта спортто абройлуу жана көз карандысыз адистерден куралган атайын Комиссия мыктыларды аныктап чыкты. Комиссиянын курамына Каныбек Осмоналиев (оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону), Меклис Кошалиев (футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын туңгуч машыктыруучусу), Алмаз Касенов (грек-рим күрөшү боюнча СССРдин спорт чебери), Орзубек Назаров (бокс боюнча профессионалдар арасында Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону) жана Гулиза Авазова (көз карандысыз спорт журналист) кирди.

Номинациялар боюнча жеңүүчүлөр

“Мыкты өспүрүм спортчу”. Жеңүүчү Азамат Мелисбеков (футбол)

“Мыкты жаш спортчу”: Жеңүүчү Улан Касымбеков (кикбокс)

“Мыкты күрөшчү”: Жанарбек Кенжеев.

“Мыкты алыш күрөшчү”: Нурбек Аканов.

“Мыкты кыргыз күрөшчү”: Нурбек Кожобеков

“Мыкты футболчу”: Кайрат Жыргалбек уулу (“Абдыш-Ата”).

“Мыкты волейболчу”: Мурат Исаков (“Ош Бажы”).

“Мыкты кикбоксчу”: Алексей Федосеев (“Гермес-профи”).

“Мыкты самбочу”: Жаныбек Аматов (“Жаш күч”).

“Мыкты эрежесиз эр урушчу”: Кылычбек Саркарбаев.

“Мыкты мушкер”: Турат Осмонов

“Мыкты айым спортчу”: Айсулуу Тыныбекова.

“Мыкты команда”: “Дордой” футбол клубу.

“Мыкты спорт клуб”: “Дордой” (Бишкек) жана “Мухаммед-Умар” (Ош)

“Мыкты машыктыруучу”: Адылкан Бекболотов

“Мыкты федерация”: Футбол федерациясы

“Мыкты меценаттар”: Сүйүн Өмүрзаков жана Эдил Касенов

Ошондой эле “ТОП.kg`нин” негиздөөчүсүнүн атайын сыйлыгына самбо боюнча Азия чемпиону Максат Мусабаев татыктуу болсо, Кыргызстанда спортту пропагандалоодо кошкон салымы үчүн рэп ырчысы Добр сыйланды.

Спортчуларды куттуктап келген чыгармачыл адамдар жана топтор:

Султан Садыралиев, Добр, Гүлжигит Калыков, Мирбек Масалиев, “We`ll Be” бий тобу, “Моника Беллуччи” тамашоу командасы, иллюзионист Дмитрий Ким жана “Mirrors” жаштар театры.

Даярдаган Асан ЖУНУСОВ