жихадчы1

Адам укугу жаатында иш алып барган эл аралык Human Rights Watch уюму Бириккен улуттар уюмуна кайрылып, Сирия бийлигине курал берүгө тыюу салып, эмбарго киргизүүнү сунуштап чыкты. Аталган уюм Башар Асаддын режими Коопсуздук кеңешинде тыюу салынган куралдын түрүн, бомбаны жайкын тургундарга колдонууда деп айыптады. Хюман Райтс Воч билдиргендей, бул снаряддарды өкмөттүк күчтөр соңку жылдарда өлкөнүн ар кайсыл аймагында 450 жерде колдонгон. Сириянын президенти Башар Асад мындан эки апта мурун Би-би-Сиге берген интервьюсунда аскерлер бомбаларды колдонду дегенди четке каккан эле. Төрт жылдан бери уланып жаткан Сириядагы куралдуу чатакташуудан 200 миңге жакын киши курман болуп, 6 млн. чамалуу киши өлкөдөн качып чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА