Соңку убактарда Кыргызстанда бирдей жыныстагы адамдардын мамилесине каршы пикирлер көп айтылып келет. Өткөн аптанын башында парламент гей-пропагандага каршы мыйзам долбоорду биринчи окууда жактырган эле. Бирдей жыныстагы адамдардын мамилесин коомчулукка алып чыгып, же гомосексуализмди пропагандалоого каршы жоопкерчиликти караган “Салттуу эмес сексуалдык карым-катыштарга карата” атайын мыйзам кабыл алганы жатсак, бул арада башкалаадагы клубдардын бири кумсаларды пропагандалаган ырчыларды чакырып, концерт койдурууга ашыкты. Бирок, бул аракет жергиликтүү жаштар уюмдарынын мүчөлөрүнүн тоскоолдугу менен ишке ашпай, концерт үзгүлтүккө учурады.
Тактап айтсак, өткөн апта соңунда Бишкектеги “Guns’n’Roses” түнкү клубу украиналык гомосексуалисттер атка конгон популярдуу “Казаки” музыкалык тобун чакырып, концерт койдурууну пландаган. Концерт болоор күнү “Калыс” кыймылы баштаган жаштар уюмдарынын эки жүздөн ашык мүчөсү клубдун алдына чогулушуп, концертти токтотууну талап кылышкан. Алардын бир гана талабы кыргыздын улуттук баалуулуктарына туура келбеген терс көрүнүштөрдүн жайылышына жол бербөө. “Калыс” кыймылынын лидери Жеңиш Молдакматов: “Кыргыздар эч качан гей болгон эмес жана болбойт. Топтун чыгармачылыгы кыргыздын улуттук баалуулуктарына туура келбейт. Батыштын мындай терс көрүнүштөрү жаштарыбызга терс тарбия берээринде шек жок. Баарыбызга белгилүү, “Казаки” тобу биздин каада-салтка каршы, башка тарбияны көздөгөн топ катары белгилүү”,-дейт.
Белгилей кетсек, “Казаки” Украинада түзүлгөн музыкалык топ. Аялдардын жорук-жосундарын туурап, шиш така кийип сахнага чыгып ырдап, бийлеген 4 жигиттен турган топ. Аталган топтун дарегине “гомосексуализмди пропагандалаган топ” деген күнөөлөр коюлуп келет. “Казакичилердин” Орусиянын бир нече шаарларында боло турган концерттери үзгүлтүккө учурагандыгы менен белгилүү. Бул жолу алар Кыргызстанга “Guns’n’Roses” түнкү клубунун чакыруусу менен келген.
Эске салсак, “Казаки” аттуу топ Кыргызстанга келээри тууралуу көрнөк-жарнактар чыга баштаганда Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу аталган топтун кечесин өткөрбөөнү суранып, Бишкек шаардык мэриясына жана Ленин райондук администрациясына кат жолдогон. Ал каттын негизинде концертти уюштуруучулар акимиатка чакырылып, шоу-кечеде эч кандай гомосексуализмди пропагандалоо болбоосу тууралуу түшүнүк кат жазышкан.
Шоу-концерттин өтүшүнө каршы акция уюштурган жаштар кыймылынын өкүлдөрү уюштуруучулар менен жолуккандан кийин гана кечки саат 9дан өтүп тарашты. Бирок, түнү менен клубдан аймагында Ленин РИИБдин 20дай кызматкери күзөткө туруп, тартипке көзөмөл кылышты. Жаштар кыймылынын нааразылык акциясынан улам концерт үзгүлтүккө учураган соң аталган топ концерт өтпөй калганына таарынышкандын ордуна болуп келген көрүнүш катары кабылдашкан маанайда Алматы шаарына жөнөп кетишкени маалымдалган. Анткен менен уюштуруучулар чоң чыгымга учураганын айтып, уюштурулган митинг санкциясыз жана мыйзамга туура келбесин айтып чыгышты. Биринин айтымында, пландалган концерт өтпөй калышынан клуб жетекчилиги 20 миң доллардай чыгым тарткан.
Аталган гей-топту Кыргызстанга эмне максатта алып келгендигине кызыгып, клуб жетекчилигине байланышууга аракет кылдык. Тилекке каршы, алар менен байланышууга мүмкүн болбоду. Андагы иштегендердин бири жетекчилик “Казаки” тобунун артынан Алматы шаарына кеткендигин жана кайтып келгенден кийин журналисттер үчүн маалымат жыйын беришээрин айтып тим болду.
Ошентсе да, “Guns’n’Roses” түнкү клубунун арт-директору Данил Мишин маалымат агенттердин бирине берген маегинде шоунун өтүшүнө тоскоолук жараткан жаш митингчилердин аракетин мындайча баалаган:
-“Казаки” тобунун балдары бийчилер жана гимнасттар. Биз бул группа менен сентябрь айында эле келишим түзгөнбүз. Андыктан, алардын алдында жана эл алдында милдетибиз, жоопкерчилигибиз зор эле. Анткени, биз аларга гонорардын дээрлик бардык өлчөмүн алдын ала төлөп бердик. Билеттердин баары сатылды. Шоу боло турган күнү 500гө жакын адам келээри күтүлүп жаткан. Концерт башталаарга саналуу мүнөттөр калганда митингчилер клубдун алдына каптап келишти.
[11:32:35] Динар Турдугулова: Аларды басууга, таратууга укук коргоо органдары иш алып барышат го деп ойлогом. Андай болбой эле, укук коргоочулар жөн гана четте карап турушту. Биздин кызматкерлер аларга эч кандай гомосексуализм болбосун, бул жөн гана бий, шоу экенин, болгону эркек балдар бийлерин шиш така кийип аткарышаарын түшүндүрүүгө аракет кылышканын, “гейлер” деп жаткан группадагы балдардын айрымдарынын үй-бүлөсү жана балдары бар экендигин айтып, митингчилердин аракети эч кандай мыйзамга туура келбейт жана санкциясыз”,-деген пикирин билдирген.

Динар Турдугулова

гомо