алдар

8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата 25-февралда Т.Сатылганов атындагы филармонияда салтка айланган Аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева уюштурган чоң программадагы концерт болуп өттү.

Кечеге чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрү чакырылган. Алсак, Кореянын, Франциянын, Индиянын, Сауд Арабиянын, Түркиянын, Япониянын, Өзбекстандын жана Россиянын Кыргызстандагы элчилери, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү келип, Кыргызстан аялдарын 8-март майрамы менен куттукташты. Келген конокторду Бакыт Тилегенов жетектеген элдик оркестр коштоп, өнөрпоздор майрамдык концерттин көркүн ачышты. Ал ортодо Замира Акбагышева бизнесте, социалдык өнүгүүдө, билим жана саламаттыкты сактоодо көрсөткөн ийгиликтери үчүн жетекчи айымдарга “Лидерлик үчүн” медалын тапшырды.

Аялдар Конгресси 1993-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ушул аралыкта 59 долбоорду ишке ашырган. Анын ичинде бардык облустарда иштеген бизнес инкубация боюнча 5 долбоорду айтса  болот. Андан 187 адам окуп, өз бизнестерин баштаган. Аялдар конгресси буга чейин 15000дей адамды бизнестин негиздери, маалыматтык технология жана тилдер боюнча окутуп чыгарган.

Сымбат МАКСУТОВА