Безответная-любовь1

Бийик жансыз ошол бийиктигиңизге байланам. Үн-сөзү жок, эрке кыялыма күлүмсүрөй оюм менен болуп, жан дүйнөмдү кирпигимдин ирмеминен байкаган сезимталдыгыңызга байланам.

Кээде аалам баткан жүрөгүңүздүн аруу сезимин барктай албай калыштан корком… Анан карманарым эле сиз болуп, шолоктоп ыйлап, буулуккан ойлорумдун бугун чыгарууга, жан дүйнөмдүн чыркыраган сезимдерин, жүрөгүмдүн жетимсиреген ыйларын айтууга башымды жөлөөр жан издеп сизди көздөй сапар алгым келет… Жазыксыз жаштарымды да ишеничтүү жанга тапшырсам дейм… Керемет ээ… Анан сизди издейм. Сиздеги жөнөкөйлүккө, башымды ийип таазим кылып, жамгырдай төгүлүп, нөшөрдөй куюлуп сизди көздөй багыт алгым келет. Көрсө улуулуктун башаты жөнөкөйлүктө турбайбы. Керсейип өз башынан алысты көрө албаган жандардан качып, жоготкон жомок дүйнөм сизден гана табылчудай сезилип, чыракданды чарк айланган көпөлөктөй ыплас жашоонун булганыч ойлорунан качып, аруулуктун ааламына карай, сизди көздөй сапар алгым келет…

Сизди эстөө күнөө экенин билсем дагы, сизди сагынууга акым бар деп ойлойм. Анан «унутам» дейм, бирок «унуттум» деп айталбай сагынычтан ооруп турам.  «Телефон чалбайм, смс жазбайм» дейм, бирок, күтүүдөн улгайчудай болуп, телмирип телефонумду тиктеп олтурам.  «Эстебейм» дейм, бирок, элесиңизди эсимден өчүрүп алчуудай болуп, кайра-кайра сизди эстөөдөн тажабай, жадагалса түнүмдү тынчтыгын бузуп, түшүмө сиздин киришиңизди талап кылып, башыма сүрөтүңүздү жазданып жатам. Таңымды сиздин амандыгыңызды тилөө менен атырып, күнүмдү сизди эстөө менен батырып, өзгөнү эмес өзүмдү ойлоодон ээрнип отурам…

Бир телефон шыңгырын күтүүдөмүн…

Садагам, сагындым деп амандашкан.

Карегинекатылыпболгон сыры,

Сагыныч бар, анда да санаабаскан…

Бир телефон шыңгырын күтүүдөмүн,

Жаштыгымдын жаштарындай төгүлүп…

Азабымды, арзуу сезип турам ээ,

Сиз ааламдын, башатындай көрүнүп…

Кагазга түшүргөн Мээрим БАКТЫБЕК кызы