сарпашев1

Бүгүн 30-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2014-жылдагы иштеринин жыйынтыгы боюнча ведомствонун коллегиясынын отуруму өттү.

Коллегиянын ишине КРнын Биринчи вице-премерь-министри Тайырбек Сарпашев, Мамлекттик салык кызматынын төрөгасы Замирбек Осмонов, коллегиянын мүчөлөрү, борбордук аппараттын башкармалыктарынын жана өз алдынча бөлүмдөрүнүн начальниктери, аймактык салык органдарынын  жетекчилери катышты. Коллегиянын жүрүшүндө 2014- жылдагы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу, салык карызын өндүрүү боюнча маселелер талкууланды. Аны менен бирге өткөн жылдагы салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү 2015-жылга карата салыктык контракт түзүү боюнча салык органдарынын иштеринин жыйынтыгы каралды.  2014- жылы салык кызматы тарабынан 42 млрд 169,9 млн салык төлөм чогулган. 2013- жылга салыштырганда салыктын түшүүсү 4 млрд 585,2 млн сомго же 12, 2%га жогорулаган.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА