Апта башында Мамлекет башчыбыз Алмазбек Атамбаев мурдагы бийлик тушунда ыдык эле эмес, денесине бычак жеп, колу-буту сындырылып кордук көргөн, ошого карабастан жараткандын амири менен аман калып, чет өлкөгө баш калкалоого аргасыз болгон журналист Сыргак Абдылдаевди “Эрдик” медалы менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол коюп, ал турсун өз колу менен сыйлык тапшырганына күбө болдук.

С.Абдылдаевди “Эрдик” медалы менен сыйлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин

Жарлыгы

Кызматтык жана жарандык парзын аткарууда көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн белгилүү журналист Сыргак Абдылдаев“Эрдик” медалы менен сыйлансын.

 Кыргыз Республикасынын Президенти   А.Атамбаев

 Бишкек ш., 2014-жылдын 27-октябры, ПЖ №195

“Журналисттин эрдиги чындык, адилеттик жана сөз эркиндиги үчүн күрөштө көрүнөт. Журналисттин иши өлкөнүн кызыкчылыгына багытталыш керек”,-деди сыйлык ээси менен маңдай-тескей олтуруп баарлашкан Мамлекет башчысы.

Алмазбек Атамбаев сөз арасында өлкөнүн демократиялык багытта өнүгүшүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу өзгөчө экендигин, мамлекет тарабынан мындан ары да Кыргызстанда сөз эркиндигин жана журналистиканы өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө бардык аракеттер жасаларын кошумчалады. Ал эми өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча ушул эле күнү өткөн Улуттук жыйында Президент Алмазбек Атамбаев маанилүү маселелерди талкуулап жатып, мите курттай жабышкан коррупция менен бирге, айрым учурларда журналисттерибиздин ашепке аракеттери да мамлекетибиздин аброюна көлөкө түшүрүп жаткандыгын эскерте кетти.

Көп эле учурда агынан жарылып, оюндагысын Президент ачык айтканына көнүп калганыбыз менен А.Атамбаевдин бул жыйындагы сөзү кылдан кыйкым, жумурткадан кыр издеген айрым басылмалар, калемгерлер арасында кызуу талкууну жаратты. А.Атамбаевдин пикирин каалагандай түшүнүп, түкшүмөлдөп, чечмелеп, жоромолдосо да болот. Бирок, Мамлекет башчынын кебинде токсон пайыз болбосо да ачуу чындыктын данеги бар экендиги анык.

Кыргызда “жамандыгыңды жашырып, жакшылыгыңды чыгар” деген эзелтеден келаткан, бабалардан калган жакшы бир нускалуу кеп бар. Жашоодо ийгилик менен кемчилик, жакшылык менен жамандык ар дайым жанаша жүрөт. Эгер жалпыбыз моюндасак ар бирибиз эле жамандыгыбызды, кемчилигибизди жашырууга, кенедей болсо да төөдөй көрсөтүп жакшылыгыбызга мактангыбыз келет. Ошол эле учурда башкалардын башындагы чөптү көргөн “көрөгөчтүгүбүз” да бар. Балким бул “кыргыз байыртадан демократ, эркин эл” деп жалпыбыз мактанган сапаттарыбыздын эң эле жаманыдыр. Бирок, сөз эркиндиги деп эдиреңдеп ээн ооздукка үйрөнгөнүбүзгө деле азганактай эмес, чейрек кылымдай убакыт болду. Алгач эйфорияда жүрдүк, бар байлыгыбыз эркиндик деген таризде. Эмнелер айтылып, эмнелер гана жазылбады?

Чынында чет элдиктер “жериңер кооз, элиңер меймандос” десе мадырайып калабыз да, Кыргызстан тууралуу кыйшык сөз айтса, кырчыйып, тырчыйып чычалайбыз. Ошол эле учурда сайдын ташындай жайнаган жалпыга маалымдоочу каражаттарыбыз жалаяктай жайып, дүйнөгө болгон кемчиликтерибиздин ичегисинен бери чубалжытып жараян кылып жатканын моюндагыбыз жок. Ар кандай “компроматтарды” бетке кармап шантаж жолу менен коррупционерлерден кем калышпай “калбырлуулардын” капчыгына кол салып жаткан калемдештер туурасында кээ-кээде имиштер угулуп жатканын кантип таналы. Ырас, медиабизнестин битин сыгып, байыгысы келгендерибиз арбын, чала сабат калемгерлерибиз да сансыз дегендей. Балким ошону үчүн бирин-бири туураган, көчүргөн, ушак-айың десе жантыгынан жата калган Эболадан кем эмес илдет жайылып жаткандыр.

Ушундан улам кыргыздын кас душмандарына Кыргызстанга тыңчы шпион жөнөтүп деле кереги жок сыяктанат. Биздин ырды, чырды, сырды (эгер болсо) билиши үчүн коко тыйын коротуунун кажети жок десем да болот.

Эгер элибиз эмгектеген баласынан өмгөктөгөн карысына чейин саясатчы болуп кетти дегенибиз менен жалпысын айтпаганда да окурман журттун дээрлиги жеңил желпиге, ушак-айыңга ыктап турушаарын эске алсак, аларды да туура жолго багыттоого учур келди. Ал үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарында жан багып жүргөн жазмакер калемгерлерге да акыл калчап, салмактуу салабаттуу саптарды жазууга, ала койду бөлө кыркпай калыс кеп айтууга үйрөнүү зарылчылыгы бар.

Атай Алтымышев