радикал
Өлкөдө жашыруун иш алып барган диний радикалдуу топтор көбөйүп жана ага тартылган эркектерге караганда, аялдардын саны өсүүдө. Айрым бей өкмөт уюмдары соңку 10 жыл ичинде аялдар арасында диний радикалдуу агымдарга тартылгандардын саны 1%дан – 23%га өскөнүн белгилөөдө.
Аялдардын радикалдуу топторго тартылуусуна алардын кодулоого кабылышы, салттуу, патриархалдык коомдун жашоо-эрежеси менен жүрүү, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук сыяктуу көрүнүштөр жана жакырчылык, жумушсуздук көйгөйлөрүнүн өсүп жатышы себеп болууда дешет диний аалым таануучулар. Алардын көпчүлүгүнүн билдиришинче, диний маселеде аялдар сыртта калып жатат. Алар менен иш алып барган жана сүйлөшкөн эч ким жок. Бул жагдайды радикалдуу диний уюмдар көз жаздымда калтырбай, пайдаланууга аракеттенген учурлар болууда. Тилекке каршы, ошондой азгырыктарга тартылып кеткен аялдар диний радикалдуу топтордун кызыкчылыгына кызмат кылгандардын катарын толукташууда.
Белгилей кетсек, Сирияга тартылган кыргызстандыктар арасында да аялдардын бар экени белгилүү болгон. Ал жакка үй-бүлөсү менен барып, күйөөсү каза тапкандан кийин келе албай калган аялдар тууралуу да маалыматтар айтылган. Бирок, алардын так саны азырынча белгисиз.
Кыскасы, ушул сыяктуу маселелерди эске алуу менен жакында коргоо кеңешинде өлкөдөгү аялдардын диний билим алуусун ачыкка чыгарып, атайын мамлекет тарабынан көзөмөл кылып, шарт түзүлүп, бекитилген программалар менен окутуп, диний сабатын ачуу аркылуу аялдардын радикалдык топторго тартылуусунун алдын алуу каралып жатат.
Динар ТУРДУГУЛОВА