Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаев «КР президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы «КРнын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана КРнын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө» жарлыгына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик Аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыктын негизинде КР Конституциясынын 65-беренесине ылайык, мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу жана мамлекеттик кадр саясатынын эффективдүүлүгүн андан ары жогорулатуу максатында, «Саясий мамлекеттик кызмат орундары» деген 1-главанын «КР премьер-министри, КРнын вице-премьер-министрлери жана КР Өкмөтүнүн Аппараты» деген графасы «Инспектор», «Эксперт» деген мазмундагы VI топ менен толукталды.

Андан тышкары, «Администрациялык мамлекеттик кызмат орундары» деген 3-главанын 3.1-пунктунун «Башкы кызмат орду» деген тобунун «Г-Б» категориясы «Референт» редакциясында берилди.

Ошондой эле, КР Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирүү тапшырылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.