1-1

Урматтуу Кыргыз Республикасынын судьялары, соттук коомчулуктун өкүлдөрү!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин күнү-кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Кыргызстан адам укугун урматтаган, эркин жана калыс коомду куруу жолунда бара жатат. Бирок күчтүү, көз карандысыз жана жарандардын ишенимине татыган жоопкерчиликтүү сот бийлигисиз бул максатка жетүү мүмкүн эмес.

Татаалдыктарга карабастан, Кыргызстанда мыйзамдуулукту бекемдөө жана жазанын артка кайтпастыгын камсыз кылуу жараяны жүрүп жатат. Сот адилеттигин жүргүзүүдө дагы көптөгөн тоскоолдуктар бар экендигин моюнга алуу керек. Бирок бир нерсе айкын – сот адилеттиги үчүн “кол жеткис” артыкчылыктуу каста жок.

Андыктан сот системасын реформалоо, калыс жана айкын сот адилеттигин камсыз кылуу Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук Стратегиясында мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп калды. Бул иштин жыйынтыгы катары өлкөнүн жарандары мыйзам алдында бардыгы бирдей жана мыйзамды бузгандык үчүн жаза кайтпас экендигин реалдуу сезиши керек.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын судьялары, соттук коомчулуктун өкүлдөрү!

Сот бийлигин бекемдөө көп жагынан Сиздердин өз милдеттериңиздерди ак ниет жана адилет аткарганыңыздарга жараша болот. Сиздер эң оболу жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын коргошуңуздар керек. Ар бир соттук чечимдин артында адамдын тагдыры тураары эсиңиздерде болсун жана калыс, акыйкат чечимиңиздер менен адамдардын мамлекеттик бийликке болгон ишеничин арттырасыздар.

Сиздерге ден-соолук жана ары татаал, ары жооптуу ишиңиздерге ийгилик каалайм!

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АТАМБАЕВ