Атам

 “Жакында чуулгандуу Жаныш Бакиевдин мурдагы өзүнүн жакын адамынын үстүнөн Минскиде жүргүзгөн кандуу криминалдуу “разборкалары” Бакиевдердин  үй-бүлөсү Беларусияда  өздөрүн эч качан жазага тартылбасын сезип, баш кесерлери менен кандуу жолун улантып жаткандыгын толук ырастап олтурат. Бул туурасында кылмыштын күбөсүнүн жарыяланган көрсөтмөлөрү ачык-айкын далилдеп, Беларусиянын борбор шаарындагы кварталдардын биринде Жаныш Бакиев жана анын жан-жөкөрлөрү А.Анапияевди өлтүргөндүгүнөн эч шек туудурбайт.

Урматтуу Александр Григорьевич Лукашенко жана достошкон белорус эли көркоолорду колтугуна катып алгандыгын акыры түшүнөт деп  терең ишенем.

Белорустар Хатынь кыштагындагы дүйнөнү титиреткен улуу трагедия болгон 1943-жылдын жазын унута албаган сыяктуу эле, кыргызстандыктар Бакиевдердин буйругу менен Бишкектин борбордук аянтында карапайым адамдарды аттырган 2010-жылдын жазын эч качан унута албайт.

Кыргызстанда бир тууган Бакиевдерди мыкаачылар катары эскеришет. Бул канкорлор адамдарды тирүүлөй өрттөгөнү, журналисттерди бычактаганы, бизнесмендердин колу буттарын сындыргандыгы, курмандыктарынын кулагын, мурдун кесип таштаганы элдин эсинде.

Беларусиянын бийлиги Бакиевдердин айбандык жана мыкаачылык  маңызына көзү жетиши үчүн бул криминалдуу үй-бүлө дагы кимди өлтүрүшү керек? Бул канкорлор кайда жүрсө дагы, колтугуна катып алган Беларусияда дагы кан төккөнүн уланта берет!

Дээрлик беш жылдан бери Кыргызстан Минсктен эл аралык конвенцияларга ылайык кылмышкерлерге издөө салуу, кылмыштык куугунтуктоо жана кылмышкерлерди өткөрүп берүү боюнча милдеттерин аткаруусун талап кылып келет. Анын ордуна Беларусиянын жетекчилиги Бишкектин мыйзамдуу талаптарын четке кагып келди. Ошол эле учурда биз ар дайым Беларусияда бул бандиттердин жүргөнүн колдоп, улуттук паспортторду, мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып, мааракелери менен куттуктаганын ырастаган маалыматтарды алып турдук.

Минскидеги Бакиевдердин катышуусу менен өткөн криминалдык “разборкалар” Беларусиянын жетекчилери үчүн кооптуу белги болот деп ишенем. Анткени өлкөдө накта криминалдуу жана кылмыштуу элементтерди калкалоого байланыштуу жарандарынын коопсуздугуна шек келээри талашсыз. Бул иш ошондой эле Беларусиянын имиджине дагы кара так түшүрөт.

Беларусиянын жетекчилиги мындан ары Кыргызстанда карапайым жарандарды өлтүргөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартылган кылмышкерлерди калкалабайт деп үмүттөнөм. Беларус тараптын бул кылмыштарды катуу айыптоосу жана  Кыргызстанга адам өлтүргүчтөрдү кармап, өткөрүп берүү боюнча иштиктүү чараларды көрүшү Беларусиянын жана анын жетекчилигинин эл аралык аренада кадыр-баркынын өсүшүнө көмөктөшөт деп ишенем”.