Эль1

 Бүгүн, 25-февралда президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеваны кабыл алды, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Жолугушууда, өлкөдөгү жогорку окуу жайларды оптималдаштыруу жана илим тармагын реформалоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.

Президент А.Атамбаев менен министр Э.Сариева ошондой эле ушул жылы пландаштырылып жаткан мектеп мугалимдеринин айлык акыларын жогорулатууну талкуулашты.

Мамлекет башчысы билим берүү тармагын жана илим системасын модернизациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш чаралар өлкөнүн кызыкчылыгына жана мезгил талабына толугу менен жооп берүүгө тийиш экендигин белгиледи.

«Өкмөт Кыргызстанда билим берүүнүн сапатын реалдуу жогорулатуу боюнча иштиктүү кадамдарды жасоого тийиш, жарандарыбыз реформанын жыйынтыктарын иш жүзүндө сезиши керек», – деди Атамбаев.