«Түзүмдүн приоритеттүү тапшырмасы болуп инвестицияларды тартуу саналат. Каржы базарын көзөмөлдөө кызматы, баалуу кагаздар базарынын, камсыздандыруу базарынын, бухгалтердик эсептин жана аудиттин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө менен республикага инвестиция тартууда гана эле эмес, Атамекендик инвесторлордун өсүшүндө да маанилүү ролду ойнойт», – деп белгиледи Ж.Оторбаев.

 

Өкмөт башчы мындан тышкары С.Муканбетовго «Рентон Групптун» алдамчылык ишмердүүлүгүн эскертүү менен коорпоративдик облигациялардын инвестицияларынын жагдайына көңүл бурусун талап кылды. Буга катар премьер-министр Каржы базарын көзөмөлдөө кызматынын жетекчисине квалифицияланбаган инвесторлордон каражат чогултуп жаткан шектүү ишканалардын ишмердүүлүгүн текшерип чыгууну тапшырды. «Мисалы мындай окуялар Талас облусунда болгон», -деди өкмөт башчы.