Чоң магистралдын курулушу. Польша.

Чоң магистралдын курулушу. Польша.

Жакында бир таанышым сурангандыктан Германиядан Литвага автоунаа айдап барып калдым. Немистердин эски автоунааларынын хабына айланган Литвага жетүү үчүн 800 чакырымдай Польша аркылуу жол жүрүү керек экен.

Буга чейин Польшага барбагандыктан, сапарга аттанаарда “эми тамтыгы кеткен жолдор менен жүрөт турбаймынбы” деп кыжаалат болгом. Польша кантсе да өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн катарында эмеспи. Бирок анын аймагына өткөн кезде таптакыр башка көрүнүшкө күбө болдум. Кечээ эле коммунисттик режим менен пландык экономикага тушалган Польша бүгүн европалык стандарттагы магистралдардын бир канчасын куруп бүтүп, дагы бир канчасын баштап койгон экен.

Германиядан поляктарды көп жолуктурса болот, алардын көпчүлүгү жумуш издеп келишет. Анүстүнө мурда коммунисттик режимде жашагандыктан, мен бул өлкөнү анча өнүкпөгөн мамлекет деп эсептечүмүн. Коопсуздук жана инфраструктурасы жагынан КМШ өлкөлөрүнөн озуп деле кетпеген чыгаар деп ойлоп жүргөм.

Бирок “Миң уккандан бир көргөн артык” демекчи, Польшанын жолдорунан унаа айдап баратып, мурдагы оюмдан кайттым. Ал жактагы магистралдар полякча жазуулары эле болбосо, немистердин автобанынан айырмаланбай деле калыптыр.

Кээ бир жерлериндеги даңгыр жолдор немистердикинен да ыңгайлуу экен. Таң калып, “кыска убакыт ичинде ушундай деңгээлге жетсе, поляктар кыйын эл турбайбы” деп суктанып бараттым.

Демократия чечкиндүү кадамды сүйөт

Даңгыраган магистралдар азыр өз эркиндиги үчүн күрөшүп, Польша басып өткөн жолго жаңы багыт алган Украинаны эске салды. Бул эки өлкөнүн окшош жактары көп, бирок ошол эле учурда экономикалык абалы жана инфраструктура жаатында чоң айырма бар.

Адегенде окшош жактарына токтолсок: Польша менен Украина географиялык жактан кошуналар, аянты жана калкынын саны жагынан бири-бирине жакын. Экөөндө тең 90-жылдардын башына чейин коммунисттик режим өкүм сүргөн. Бирок Берлин дубалы кулап, Советтер союзу ыдырагандан кийин эки өлкө эки башка жолду тандап кеткен.

Польша дароо демократия жолуна түшүп, базар экономикасын жайылтып, Европа биримдигине кошулуу үчүн радикалдуу реформаларды жүргүзө баштаган. Ал эми Украинанын көз карандысыздыгы кагазда гана калган. Демократия жолуна түшкөнү менен, эч кандай реформа жасаган эмес. Башкача айтканда, Европага умтулуу ордуна, КМШ өлкөлөрүнүн деңгээлинде гана кала берген.

Евробиримдиктин пайдасы

“Жакшыга жанашсаң, жакшы болосуң” демекчи, Польшада жолдорду куруу, өлкө 2004-жылы Европа биримдигине мүчө болуп киргенден кийин тездик жүрө баштаган. Маалыматтарга ылайык, акыркы он жылда Польшада жаңы курулган магистралдардын саны төрт эсеге көбөйгөн, азыркы учурда жогорку деңгээлдеги даңгыр жолдордун узундугу 3 200 километрдей. Бул жолдордун ар бир километрине Польша өкмөтү 4-7 миллион еврого чейин сарптаган.

Мен Польша аркылуу өтүп баратып жаңы курулуп жаткан магистралдардын бир канчасын көрдүм, демек поляктар келечекте евростандарттагы жолдордун санын дагы көбөйтөөрү шексиз.

Немис автобандардан айырмаланып, поляктардын магистралдарынан жүрүү үчүн акы төлөө керек экен. Мен жалпысынан алганда 20 евродой төлөдүм. Бирок жолу чындап эле төлөнгөн акчаны толук актайт, эки жагында үч катар унаа жүрө турган, эч кандай чек коюлбаган, жол чырагы жок тегиз жолдо автоунаа айдоо ар бир айдоочунун кыялы эмеспи.

Тактап кетчү нерсе, бул жерде Польшадагы эл аралык жолдорду туташтырган авто магистралдар жөнүндө гана кеп болуп жатат. Бардык жолдору ушундай дегенден азырынча кармана туралы.

Коррупция күчөгөн жерде жол оңолбойт

Украина демекчи, мен былтыр окуум боюнча бул өлкөдөгү мамлекеттик сатып алуудагы жемкордук тууралуу бир долбоорго катышып калдым. Ал жерде биз Transparency International сыяктуу эл аралык уюмдар менен чогуу иш алып барганбыз. Алардын билдирүүлөрү боюнча, Украинадагы эң коррупциялашкан сектор бул – мамлекеттик сатып алуулар, анын ичинен жолдорду жана газ түтүктөрдү куруу сектору. Ушундан эле ал өлкөдө жолдордун абалы начар экенин билсе болот.

Auto.ria интернет сайты маалымдагандай, Украинада көпчүлүк жолдор 30-40 жыл мурун курулган жана алардын 90% капиталдык оңдоону талап кылат. Кыскача айтканда, жолдордун абалы жагынан Украина Кыргызстандан анча алыс кеткен эмес көрүнөт (Глобалдык экономикалык форумдун айтымында, эки өлкө тең дүйнөдөгү жолу эң начар он өлкөнүн ичине кирет). Жакын кошунасы Польша магистралдарды куруп, ар бир чакырымына 7 миллион еврого чейин сарптап жатканда Украинада эч өзгөрүү болбогону абдан өкүнүчтүү.

Кайсы гана өлкө болбосун жолдорунун сапаты жана коопсуздугу анын экономикалык абалынан кабар берип турат. Анткени жолдор өлкө жашоосундагы негизги артерия. Мен терең ишенем, Польшадагы жогорку сапаттагы даңгыр жолдордун байма-бай курулуп жатканы бул өз убагында жүргөн реформалардын жана демократиялашуунун натыйжасы. Украина бул процесстен жыйырма жылга кечикти. Азыр гана жаңы жашоого кадам таштап жатат.

“Досуңдун ким экенин айтсаң, өзүңдүн ким экениңди айтам” демекчи, Польша менен Украинанын жыйырма жылдык тарыхын карап көрсөк, ким кайсы жакка умтулуп, кимиси ким менен дос болуп жүргөнү баарыбызга маалым.

Демек, “жардам беребиз”, “тарыхыбыз бир”, “бир тууган элбиз”, “бир тилде сүйлөшө алабыз, “бизге котормочунун кереги жок” дегендин баары эле дос эмес тура…

Баатыр Алымкулов, Германия