взятка

Пара алып жаткан жеринен Бажы кызматынын инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 25-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган инспектор автоунаа ташуу менен алектенген С.А. аттуу жарандан бажы текшерүүлөрүн эч тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн пара талап кылган. Учурда “пара талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: super.kg